Абдикалык кызы Асылкан
АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНДАГЫ ТРАГЕДИАЛУУЛУКТУН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ
Макалада “Манас” эпосунун сюжетиндеги каармандардын ичинен Алмамбеттин трагедиялуу образы камтылган бөлүмдөр талдоого алынат. Эпос өз ичине камтыган жогорку көркөмдүккө ээ болгон эпизоддордун ичинен Алмамбеттин окуясына байланыштуу айтылган эпизод көркөмдүк иштелиши жагынан эң маанилүү эпизодго жатат. Аталган бөлүмдөрүнөн трагедиялуулук маселеси талданат.
ЖАКЫП МЕНЕН МАНАСТЫН ОБРАЗЫНДА БАЛАСЫЗДЫКТЫН ЖАНА ЖАЛГЫЗДЫКТЫН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ
Бул макалада Жакыптын жана Манастын образындагы баласыздык үчүн болгон кайгыны жана жалгыздыктын орун алуусу тууралуу баяндалат. Бардык манасчылар өз варианттарында туруктуу өзөк окуяларды сактап, талантына жараша көркөмдөп, сюжеттерге кошумча толуктоолорду киргизип, өзгөртүп айтышкан.Муну классикалык вариант деп эсептелинген Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттары боюнча салыштырылып талданат.