“И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы” илимий журналы 1999-жылдан бери чыгат.

      Журнал алдыңкы рецензиялоочу илимий журналдардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын сунушу менен киргизилген,  ошондой эле аспиранттардын , магистранттардын, табигый, гуманитардык, социалдык – экономикалык жана коомдук илимдер тармагындагы эмгектери жарыяланат.

      Журнал үч тилде кыргыз, орус, жана англис тилдеринде макалаларды жарыялайт.

      Басылманын мезгилдүүлүгү: жылына 4 жолу чыгат (кошумча атайын чыгарылыштар болушу мүмкүн).

      Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон 2014-жылдын 23-октябрында өткөн, №2049 ЖМКны каттоо күбөлүгү, сериясы РСМИ 00382.

      Илимий журналдын негиздөөчүсү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети болуп саналат.

      ISSN1694-7851 (басма версиясы)

      ISSN1694-8505 (онлайн версия)

      Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунун 2020-жылдын 29-декабрындыгы №142 Жарлыгына ылайык журналга 16 балл коюлган.     

      И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  илимий журналынын максаты жана милдеттери –дүйнөлүк илимий коомчулуктун теориялык да, прикладдык да изилдөөлөрүнүн оригиналдуу жыйынтыктарын Ата мекендик изилдөөлөрдүн илимий натыйжалары менен көрсөтүү, табигый, гуманитардык, социалдык-экономикалык жана башка чет мамлекеттерден илимпоздорду тартуу аркылуу эл аралык илимий мейкиндикти түзүү.

      Журнал “И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысы” ачык айрымдуулукту камсыз кылат,  эркин жана ачык принципке негизделет,бул дүйнөлүк билим алмашуунун жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын алмашуунун өсүшүнө өбөлгө түзөт.

      Бардык макалалар эки жолу сокур рецензияланат.

     Журнал материалдардын максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу саясатын жүргүзөт.

     Журналда берилген бардык материалдар автордук укук менен корголот.

      Авторго редакциялоо үчүн акы алынбайт.

      Автордук сый акы төлөнбөйт.

     Журналда жарыяланган макалалардын баары материалдын уникалдуулугу жана өздөштүрүлгөн материалдардын көлөмү, автоматташтырылган текшерүү системаларынан (Антиплагиат) текшерүүдөн өтөт.

      Журнал башка мезгилдүү басылмаларда мурда жарыяланбаган оригиналдуу макалаларды гана жарыялайт.

      Дареги: 720026, Бишкек ш., Раззаков көч., 51 А