И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН  “И. АРАБАЕВ атындагы КМУ ЖАРЧЫСЫ» ЖУРНАЛЫНДАГЫ ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРДЫН АВТОРЛОРУНА МААЛЫМАТ

 

И. Арабаев атындагы КМУнин илимий - инновациялык бөлүмү басылманын илимий - тематикалык мазмунуна туура келген, мурда жарыяланбаган илимий макалаларды кароого кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын кесиптик басылмаларга койгон талаптарына жана басылманын профилине ылайык илимий макала төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1.                  Проблеманы коюу жана аны изилдөөнүн актуалдуулугун аныктоо.

2.                 Акыркы изилдөөлөрдүн жана басылмалардын анализи, жалпы маселеге арналган макалада анын мурда чечилбей калган      жактарын бөлүп көрсөтүү.

3.                  Изилдөөнүн теориялык негиздери, эмпирикалык базанын методологиясы жана мүнөздөмөлөрү.

4.                  Коюлган маселеге ылайык изилдөөнүн негизги натыйжаларын баяндоо.

5.                  Изилдөөнүн жыйынтыктарын пайдалануунун тыянактары жана перпективалары.

 

Макаланы жасалгалоо

1.                  Макаланын УДКсы  биринчи беттин  (жогорку сол бурчу);

2.                  Автордун фамилиясы, аты, атасынын аты (баш тамгалар) кыргыз,орус жана англис тилдеринде;

3.                  Илимий даражасы, илимий наамы кыргыз, орус жана англис тилдеринде;

4.                  Иштеген жери,өлкөсү жана шаары кыргыз, орус жана англис тилдеринде;

5.                Автордун электрондук дареги;

6.                 Макаланын аталышы (кыргыз, орус жана англис тилдеринде).Баш (чоң) тамгалар менен жазылат. Атынан кийин чекит коюлбайт

7.                 Аннотация - кыргыз, орус жана англис тилдеринде (5-10 сап).

8.                Негизги сөздөр - кыргыз, орус жана англис тилдеринде ( кеминде 10 сөз).       

9.        Макаланын көлөмү – 12000-30000 белгилер (аралыктарын эске алганда), (5-8 компьютерде басылган барак же 0,3-0,5 басма барак).

10.             Библиографиялык маалыматтарды макаланын аягында ГОСТун Р7.0.7-2009 талабына ылайык алфавиттик тартип менен адабияттардын тизмеси түрүндө (адегенде кириллица менен, андан кийин латын тамгасы менен басылган булактар). Шилтемелер – квадраттык кашаа түрүндө [4, 54-б.], анда биринчи цифра тизме боюнча пайдаланылган адабияттардын булактарынын номерин, экинчиси бетин билдирет.

                 

 

   

Макаланын электрондук версиясынын милдеттүү түрдөгү параметрлери:

§     Word форматтындагы  файл;

§     Times New Roman шрифти, кегль – 14, саптар аралык интервал – 1, барактардын четтери  – 2 см, бардык тараптан 2 см;

 

 

Таблицалардын жана фигуралардын дизайны:

§     ар бир графикалык материал (сүрөттөр, таблицалар, сүрөттөр, чиймелер, схемалар) номерлениши  жана кол коюлушу керек;

§     графиктердеги  жана цифралардагы  бетиндеги жазуулар жана башка белгилер түшүнүктүү жана оӊой окулгандай болууга тийиш

Эскертүү

 

  •     Илимий даражасы бар авторлордун макалалары басылма адистиги  боюнча илимдердин доктору/кандидаты тарабынан бир тышкы рецензия менен коштолот;
  • Илимий даражасы жок авторлордун макалалары басылма боюнча илимдердин доктору/кандидатынын эки (анын ичинде бир сырттан)рецензиясы же макаланы сунуштоо жөнүндөгү кафедранын жайналышынын протоколунан көчүрмө тиркелет;
  • Рецензия иштеген уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүүчү рецензенттин колу менен берилет;
  • Авторлордун колу коюлган макалары алардын өз көз караштарын билдирет жана РББнун позициясы менен дал келбеши мүмкүн;
  • Редакциялык коллегиянын экспертизасы редакция ичиндегилерге тиешелүү;
  • Зарылчыкка жараша редактор макалаларды кыскартууга жана адабий редакциялоого укуктуу.
  • Талаптарга жооп бербеген макалалар жарыялоого кабыл алынбайт.
  • Жарыяланбаган макалалардын кагаздагы экземпляры, ошондой эле электрондук ташыгычтары жана иллюстрациялары авторго кайтарылбайт.

    Эскертүү:

Макалада келтирилген фактылардын жана маалыматтардын аныктыгы, чыгарылган тыянактардын  негиздүүлүгү   жана макаланын илимий деӊгээли үчүн жоопкерчилик авторлорго жана рецензенттерге жүктөлөт.