Ма Баосин .
«БИР АЛКАК ЖАНА БИР ЖОЛ» ДЕМИЛГЕСИНИН АЛКАГЫНДА КЫТАЙ ЖОЖДОРУНДА АРАБ ТИЛДҮҮ ТАЛАНТТАРДЫ ТАРБИЯЛАП ӨСТҮРҮҮ БОЮНЧА ӨЛКӨ ЖАНА РЕГИОН ТААНУУ БИЛИМДЕРИН КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ ИЗИЛДӨӨ
“Бир алкак, бир жол” демилгесинин сунушу жана ишке ашырылышы Кытайда Араб тили боюнча таланттарды тарбиялап өстүрүү үчүн ансайын жогорку практикалык муктаждыктарды жаратты,ошону менен кошо ЖОЖдордо жана колледждерде Араб тилин окутуу жана билим берүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана кыйынчылыктарды пайда кылды.Араб тили адистиктерин окутуу мамлекеттин экономикалык жана маданий курулуштун өнүгүп өсүшүнө жана тышкы байланыштын муктаждыктарына жараша түзүлүшү керек. Профессионалдык курстарды окутууда мамлекеттик жана аймактык изилдөөлөрдүн мазмунун киргизип дисциплиналар аралык тургусунан маданияттар аралык байланыш түзө билген, маданияттар аралык изилдөө жүргүзө ала турган,маданияттар аралык практикасы мол болгон глобалдык көз карашка жана ар тараптуу сапатка ээ комплекстүү Араб тилдүү таланттууларды тарбиялап жетиштирип мамлекеттин стратегиялык муктаждыктар үчүн жоопкерчиликти аркалай алышыбыз керек.
ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛ АРАБ ТИЛИ ГЕЗИТ-ЖУРНАЛДАР САБАГЫН ОКУТУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖАНА ЫКМАЛАРЫ БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨ
Социалдык маалыматташтыруу терең өнүгүп келе жаткан бүгүнкү күндө, Араб тилиндеги гезит-журналдар электрондук каражаттардын жардамы менен байланыш маалымат каражаттары катары күчтүү жандуулугун жаркыратууда. Бул Араб дүйнөсүнүн позициясы, перспективасы, маданияты жана социалдык шарттары жөнүндө маалыматтын маанилүү булактарынын бири гана эмес, жогорку билим берүүнү окутууда , окуу планында да алмаштырылгыс ролду ойнойт. Бул макаладада жогорку класстарда Араб тилин окуунун маанилүүлүгү жана кыйынчылыктары талкууланып гезит окуунун студенттердин окуу жөндөмүн жогорулатууда жана окуу чегин кеңейтүүдөгү ролу талданат, ошондой эле студенттердин тилин жана маданиятын түшүнүүнү жакшыртуу, заманбап Кытай жана Араб дүйнөсү жөнүндөгү түшүнүгүн жогорулатуу үчүн окутуунун кээ бир натыйжалуу стратегиялары жана ыкмалары сунуш кылынат.