Мурат кызы Назгул .
АЙМАКТЫК РЕКРЕАЦИЯЛЫК СИСТЕМАЛАРДЫН ИЗИЛДӨӨСҮНӨ БОЛГОН МАМИЛЕЛЕР
Бул иште рекреациялык системаларды изилдөөгө негизги илимий мамилелерге талдоо жүргүзүлдү. Аймактык экологиялык-рекреациялык системасынын түшүнүгү түзүлүп негизделген, аны түзүүнүн негизги принциптери иштелип чыккан. Азыркы убактагы техникалык прогресстин тездешинин натыйжасында жана социалдык активдүүлүктү интенсификациялоо рекреациялык иштин коомдук ролуна болгон көз караштар олуттуу өзгөрүүдө. Ал эми аймактык пландоо жана аймактарды башкаруу практикасына инновациялык иштеп чыгууларды киргизүү эсептелинип чыккан.