Муратбек Касей .

    Муратбек К...,
КОМУЗДУН КОШТООСУНДА ЫРДООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:296-301      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2022-2-296-301

Бул макалада кыргыз элинин ырчылык аткаруучулук өнөрүнүн байыртадан берки салттуу түрдө өнүгүүсү менен бирге, ырдоонун аспаптын аткаруусунда коштолуусу тууралуу сөз болот. Ырчылык өнөрдө көбүнчө комуз аспабы коштоочу катары колдонулгандыгы, ырчынын комузда мыкты аткара билиши, анын толгоолору, чертүү ыкмаларын өздөштүрүүсү жөнүндө айтылат. Ырчынын үнү менен аспаптын тембринин шайкеш келүүсү, чыгарманы аткарууда аспаптын партиясынын өзүнчө кайрыктуулугу баса белгиленген. Ошондой эле, комуздун толгоосу музыка мыйзам ченемдүүлүгү эске алынуу менен, бир системага түшүрүлүшү боюнча маалымат берилет. Бул учурда, ырчынын үнүнүн бийиктик ченемине жараша жана тональностун тактоо менен комузду толгоп алуу белгиленет. Комуздун коштоосу менен аткарылуучу чыгарманы тандап алуу негизгиси маселерден болгондугу айтылат.

Полный текст