Жолдошалиева Н. А.
СЕМАНТИКА ТИЛДИН НЕГИЗГИ КОМПОНЕНТИ КАТАРЫ
Акыркы жылдары лексикографиялык жана лексикологиялык илимий иштер тил илиминде кеңири орун ала баштады. Анын ичинен семантика азыркы тил илиминин көңүл борборунда турат, б.а. тилдин семантикалык аспектисин изилдебей туруп, тилдин функционалдык табиятын, законченемдүүлүктөрүн терең түшүнүү мүмкүн эмес. Семантикалык аспектиде тилдин бардык катмарлары, ошол эле учурда морфологиясы да изилденет.Бул макалада семантиканы тилдин негизги компоненти катары кароого байланыштуу маселелер каралат. Азыркы шарттарда семантикага кызыгуунун пайда болушунун негизги себептери негизделген. Төмөндө "семантика" деген түшүнүк аныкталып, анын негизги өзгөчөлүктөрү каралды. Синонимия, антонимия, гипонимия сыяктуу маселелерге токтолдук. Заманбап шарттарда семантикалык анализ жүргүзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип, компьютердик технологиялар жана шаймандардын жардамы менен ар кандай тексттерди жана чыгармаларды түшүнүүнү иликтөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
СӨЗ – ЛЕКСИКАЛЫК БИРДИК
Сөзтүшүнүгүнүн аныктамасы бүтүндөй лексикологияда жана тил илиминде өзгөчө татаал маселе болуп эсептелгендиктен, көптөгөн лингвисттер сөздүн белгилерин көрсөтүү менен аны ар тараптан ачып берүүгө аракенттерди кылышкан. Сөз лексиканын негизги бирдиги катары (тилдин лексикалык деңгээли) тил системасынын эң маанилүү, борбордук бирдиги болуп эсептелет. Сөз – чындыктын кубулуштарын белгилөөгө, адамдын сезимдерин, эмоцияларын жана эрк-ниетин билдирүүгө жөндөмдүү тилдин эң кыска бирдиги. Ал тилдик анализдин тыбыштык, маанилик жана грамматикалык ар кандай аспектилеринде баса белгиленген белгилерди бириктирет. Сөз тилдин негизги элементи деп эсептелип, психологиялык чындыкты чагылдырат, адамдар бири-бири менен сөз, сөз айкаштары жана сүйлөмдөр аркылуу баарлашып, мамиле түзүү каражаты катары кызмат кылат.
Макала«сөз» терминин атайын тилдин лексикалык бирдиги катары сүрөттөөгө арналган. Терминди түшүнүү максатында боюнча ар кандай көз караштарды карап чыгып, ерминди лексикалык, грамматикалык жана семантикалык табиятын аныктоого арналды.