Мурзаибраимова Б. Б.

    Мурзаибраимова Б.Б.,
ФИЗИКАНЫ ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК САБАТТУУЛУГУН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Страницы:312-319      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/1-312-319

Бул макалада Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында физика предметин окутуу процессинде окуучулардын экологиялык сабаттуулугун калыптандыруу маселеси каралды. Алгач бүгүнкү күндө пайда болгон экологиялык көйгөйлөр, глобалдык климаттык кризис, ага алып келип жаткан себептер, аларды алдын алуунун жана четтеүүнүн жолдору талданды жана жаштардын экологиялык сабаттуулугун калыптандыруунун актуалдуулугу негизделди. Андан кийин окуучулардын экологиялык сабаттуулугун калыптандырууда физика предметинин ролу чоң экендиги, ага карабай буга чейин физиканы окутуу процессинде аталган маселеге жетишсиз көңүл бурулуп келгени тастыкталды. Физиканы окутууда окуучулардын экологиялык сабаттуулугун калыптандыруунун жолдору, ыкмалары сунушталды.

Макала Кыргыз билим берүү академиясында автордун 2023-2024-жылдары жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн негизинде даярдалды. Тактап айтканда, макаладагы материалдар жана сунуштар Кыргыз Республикасында мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик стандартын, жалпы билим берүүчү уюмдарда физиканы окутуунун предметтик стандартын, окуу программаларын жана илимий адабияттарды, ачык маалымат булактарына жарыяланган макалаларды, педагогдордун иш-тажрыйбаларын талдоолордун натыйжасына таянылып жазылды. Макалада жазылган методикалык көрсөтмөлөр Бишкек шаарындагы № 67 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында өздүк окутуу аркылуу апробацияланды. Мындагы материалдар жана методикалык сунуштар жалпы билим берүүчү мектептердин физика мугалимдери үчүн пайдалуу болот деген ишеничтебиз.

Полный текст