Жантаев А С
ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН «КУТТУУ БИЛИМ» ДАСТАНЫНДА ҮЙ-БҮЛӨ БААЛУУЛУГУНУН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ
Макалада орто кылымдардагы улуу акын Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанында үй-бүлө баалуулугунун чагылтылышы тууралуу кеп болот. Авторлор даӊазалуу ойчулдун үй-бүлө баалуулугуна, үй-бүлөлүк мамилелерге карата көз караштарын ачууну максат кылышат. Ошондой эле азыркы учурда үй-бүлө баалуулугунун маанисин жаш муундарга жеткирүүдө, түшүндүрүүдө Ж. Баласагындын «Куттуу билим» дастанындагы ушул багытта айтылган идеялар актуалдуулугун жоготпой келатканын баса белгилешет.