Темирбек уулу И .

    Темирбек уулу И..., Модонова Р..., Эрикбек кызы А...,
КЛИМАТТЫН НАРЫН ОБЛУСУНУН АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРЛЕРИ
Страницы:19-23      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2023-1-19-23

Макалада Нарын облусунун климатынын айыл чарбага, тийгизген таасирлерине мүнөздөмө берилген. Алар катуу шамалдар,үшүк, нөшөрлүү жамгыр, мөндүрлөрдүн жаашы жана башкалар. Климаттын коркунучтуу кубулуштары адамзат үчүн бирден-бир коркунуч жараткан кооптуулук экендиги таанылган, албетте, ал экологиялык коопсуздукка дагы терс таасирин тийгизиши мүмкүн

Полный текст

    Кермалиев Р.С., Аблешов Т.А., Темирбек уулу И...,
ЫСЫК-КѲЛ ОБЛУСУНДА ТУРИЗМ БИЗНЕСИН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ МАРКЕТИНГТИН РОЛУ
Страницы:286-301      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-286-301

Макалада авторлор туристтик бизнести өнүктүрүүдө маркетингдин ролун ачып берүүгө аракет кылышкан. Ысык-Кѳл облусунда туристтик бизнестин өнүгүшүнө жана калыптанышына кыскача мүнөздөмө берилген. Туризм тармагындагы маркетингдин өнүгүшү, бүгүнкү күндө туризм бизнесинин өнүгүшү каралып, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору көрсөтүлгөн. Туристтик фирмалардын ортосунда атаандаштык бар, бирок маркетинг иштери болбосо, туристтик продуктуну жылдыруу жана сапатын жогорулатуу мүмкүн эмес. Туризм жакшы өнүккөн өлкөлөрдө маркетинг системасы күчтүү иштейт. Маркетингдик изилдөө ар кандай бизнести өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналат. Маркетингдик иштеп чыгуулар дээрлик бардык туристтик компаниялар тарабынан колдонулат. Бирок Ысык-Кѳл облусунда туризм маркетинги эффективдүү эмес жана натыйжасы азыраак көрүнүүдө. Кеңири мааниде туризм Кыргызстан үчүн өлкөнүн же тигил же бул аймактын, атап айтканда Ысык-Көл облусунун экономикасынын негизги тармагы болуп саналат, ал башка тармактардын өнүгүүсүн көзөмөлдөп, улуттук дүң продукцияны түзүүгө активдүү катышат. Тар мааниде туризмди туристтерди тейлөөгө байланышкан көптөгөн тармактарды бириктирген экономикалык көрүнүш катары мүнөздөөгө болот.

Полный текст

    Темирбек уулу И..., Төлөгөнова Г.А., Бактыбек кызы Н..., Таштанбекова С.Б., С.Б.,
ДЕН-СООЛУКТУ ДАРЫЛОО ЖАНА ЧЫНДОО ТУРИЗМИН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ
Страницы:337-342      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-337-342

Санаториялык-курорттук иштерди уюштуруу курорттук бизнестин алкагында каралат. Курорттук ишкердиктин расмий, мыйзамдуу түрдө бекитилген аныктамасы төмөндөгүдөй: «Курорттук ишкердик – табигый дарылык ресурстарды пайдаланууга негизделген ооруларды дарылоо жана алдын алууну уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча илимий жана практикалык иштердин бардык түрлөрүнүн жыйындысы».Санаториялык-курорттук кызмат көрсөтүүлөр – эс алуучуларга санаториялык-курорттук дарылоого жана курорттук эс алууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу Демек ден соолук – бул эң чоң баалуулук, максатында курорттук зоналарда жайгашкан жайгаштыруу ишканалары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар. Бул контекстте алар рекреациялык кызматтардын бир бөлүгүн түзөт. Белгилей кетсек, санаториялык-курорттук кызмат көрсөтүүлөр калктын айрым категорияларына мамлекеттик милдеттенмелердин чектеринде санаториялык-курорттук жардам көрсөтүүнүн негизи болуп саналат. Санаторийлик-курорттук кызматтардын  кыйла кеңири бөлүгүн ден соолукту чыңдоо тармагына  кошууга болот.аны сактоо учун жагымсыз экологиялык шарттарда ар тараптуу көңүл буруу керек.

Полный текст