Курманбек уулу Т .
ОБ АВТОКОРРЕЛЯЦИИ ОСТАТКОВ РЕГРЕССИОННЫХ МОДЕЛЕЙ
В статье рассматривается проблема автокорреляции остатков в регрессионных моделях, методы их обнаружения. Предлагается новый тест по обнаружению автокорреляции остатков с применением коэффициента автокорреляции. Приводятся результаты, полученные при проверке наличия автокорреляции остатков по сравнению с результатами известных методов при моделировании ВВП со статистическими данными Кыргызстана за 2000–2020 гг. и расходов на питание в США с данными за 1959–1980 гг.
ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КӨНДҮМ ТАЖРЫЙБАСЫНАН АЛЫНГАН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАЛДОО
Салттуу билим берүүдө «Информатика» окуу предмети, мугалимдин бул предметти окуп жаткан студенттер менен болгон байланыш ишине көп сааттар талап кылынат. Пандемия башталып кеткендигине байланыштуу, окутуучулар менен студенттердин арасындагы байланышты камсыздоо үчүн техникалык каражаттарды тандоо зарыл болгон. 2020-2021-окуу жыл ичинде жана 2021-2022-окуу жылынын кышкы семестринде бул дисциплина аралаш, салттуу жана дистанттык форматтарда окутулду. Программалоону окутуп-үйрөтүү үчүн билим берүүдө пандемия шартында иштеп кетүүгө педагогикалык тажрыйба жана жаңы маалымат технологиясын пайдалануу боюнча дагы тажрыйбалар жыйналды.
Бул макаладаүйрөнүчүлөр менен өз-ара онлайн байланышты уюштуруучу кызматтарга жана Маалымат технологиясына сарасеп салынып, биз тараптан коолдонулган технологиялар, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери жазылат, дисциплинаны окутуунун сапатына жана программалоого байланышкан аралаш жана дистанттык окутуу боюнча изилдөө суроолору коюлат жана аларды өркүндөтүү жолдору боюнча тыянакттар чыгарылат.
ТОЛУКТАЛГАН РЕАЛДУУЛУК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖОЖДУН БАКАЛАВРЫНА ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУ МОДЕЛИ
Акыркы жылдары дүйнөдө маалыматтык технологиялар жигердүү өнүгүп, алар барган сайын адам баласынын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында колдонулууда. Анын катарында экономиканын тынымсыз өнүгүп жаткан тармагынын бири катары билим беруу тармагында колдонулуда.Ошол эле учурда билим берүүнү маалыматташтыруу жаңы маалыматтык технологияларды жайылтуу процесси гана болбостон, маалыматтык коомдун талаптарына жооп берген билим берүү системасын түзүү процесси катары да каралат. Бул макалада учурдагы педагогдордун ишинин эффекттивдүүлүгүн жогорулатуу учун билим берүү тармагында жаңы ыкмаларды, формаларды жана технологияларды изидөөгө арналат, мисалы маалыматтык коммуникация технологиялары (МКТ), электрондук окутуу, блокчейну, AR (augmented reality) жана VR (virtual reality) – технологиялары сыяктуу технологиялар каралат.
ТЕХНИКАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БАКАЛАВРЛАРДЫ ДАЯРДООДО «ИНФОРМАТИКА» КУРСУН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
Жалпы илимий методдор менен катар методологиялык негиз катары теориялык булактардын базасы: илимий адабияттар, техникалык адистиктердин студенттерине информатиканы окутуу проблемасы боюнча изилдөөлөрдүн басылмалары. Информатика боюнча билим берүү стандарттарын талдоо бакалавриаттарды, окуу пландарын, информатика курстарынын программаларын даярдоодо,техникалык ЖОЖдордун студенттери менен иштөөдө жүргүзүлгөн.