Бокошов Жамгырбек Бокошович
КОМУЗ КҮҮСҮН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДООНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
Макалада комуз күүсүн философия жаатында изилдөөнүн урунттуу маселелери каралат. Күүнүн философиялык маани-мазмунун изилдөө бир жагынан музыка философиясына, экинчи жагынан күүнүн жанрдык өзгөчөлүгүнө таянары аныкталат. Кыргыз күүлөрүндө адам маңызы жана адам менен курчаган дүйнөнүн карым-катышынын түпкү маселелери туюнтулары белгиленет.