Иманкулова С. И.
ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВДИН КЫРГЫЗСТАНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮНҮН КАЛЫПТАНЫШЫНДАГЫ САЛЫМЫ
Педагогика менен билим берүүнүн тарыхын окуп-үйрөнүү келечектеги мугалимдерге педагогикалык категориялар боюнча ой жүгүртүүгө, алардын генезисин так элестете билүүгө жардам берет. Болочок мугалимди даярдоо системасында “Билим берүү жана педагогикалык ой жүгүртүү тарыхы” дисциплинасы маанилүү орунду ээлейт. Өткөндүн мурасын өздөштүрүү илимий көз карашын кеңейтет, мугалимдин педагогикалык маданиятын жогорулатат, анын педагогикалык жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүшүнө шарт түзөт жана топтолгон билимди чыгармачылык менен пайдаланууга жардам берет.