Токтакун кызы Гулнура
БЕЙТАРАП СОТТОР ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК
Бейтарап сот жарандык укуктук талаштарды чечүүнүн формасы болуп саналат. Укуктук талаштарды бейтарап териштирүү мыйзамды урматтого тарбиялоого, укуктук ан-сезимдин жогорулашына, милдеттин аткарылуусунун керектигин түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Бейтарап сотту байыркы сот катары кароого болот. Ошондуктан бул соттор тарыхый жолунда коомдогу көптөгөн талаш-тартыштарды чечишкен, жана башка өзгөчөлүктөрү макалада баяндалмакчы.