Рахимова Ж. Т.
ПРЕОДОЛЕНИЕ НЕ РЕЗКО ВЫРАЖЕННОГО ОБЩЕГО НЕДОРАЗВИТИЯ РЕЧИ НА ШКОЛЬНОМ ЛОГОПУНКТЕ
В статье раскрывается содержание коррекционной работы по преодолению НВОНР в условиях логопедического пункта общеобразовательной школы.
БАРГЫ УРУУСУНУН БАЙЫРКЫ БАРГУТ УРУУСУ МЕНЕН ЭТНОГЕНЕТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШЫ
Макалада кыргыздын Баргы уруусу легендарлуу Баргужин-токум өлкөсүнүн аталышы аны менен тыгыз байланышта болуп, Байкөлдүн ары жагын мекендеген байыркы Баргу же Баргут уруусу менен этногенетикалык байланыштары кытай булактарындагы маалыаттар менен бирге батышизилдөөчүүлөрү – É.Chavannes, G.Schlegel, V.Thomsen, F.Hirth, орус-совет окумуштуулары – Н.А.Аристов, А.Н.Бернштам, Л.П.Потапов, Е.В.Ковычев, С.М.Абрамзон, Б.Р.Зориктуев, А.Г.Малявкин сыяктуулардын эмгектеринин жана автордун талаа материалдарынын негизинде иликтөөгө алынып изилденет. Изилдөөнүн жыйынтыгында көпчүлүк илипоздор Баегу/Байырку уруусун келип чыгышы боюнча түрк тилдүүлөрдөн келип чыгышы жөнүндөгү гипотезаны колдошот жана карманышат. Алгачкылардан болуп Н.А.Аристов Баргы уруусунун аты монголиялык баргут уруусунун аты менен байланышта болушу мүмкүн деп, кыргыздын Баргы уруусу менен монголдордун баргут уруусунун этногенетикалык жактан байланыштырган. Н.А.Аристовдун бул гипотезасын колдоп С.М.Абрамзон Баргы уруусун Байкөлдүл ары жагын мекендеген байыркы Баргу же Баргут уруусу менен салыштырып, окшоштурган. С.М.Абрамзондун бул оюн бурят окумуштуусу Б.Р.Зориктуев кубаттап колдогон. Макаланын соңунда Баргы уруусунун курамында кездешкен «ак баргы», «кара баргы», «сары баргы», «таз баргы», «карабагыш баргы», «мырза баргы», «улуу баргы», «кичи баргы», «хан баргы», «үч баргы», «үчбай баргы» деген этнонимдик аталыштарга кыскача аныктамалар берилген.