Сейдекулова К. С.

    Сейдекулова К.С., Турусбекова А.Э.,
МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО БАЛДАРДЫН СҮЙЛӨӨ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ
Страницы:309-315      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-309-315

Макала балдар бакчасы менен башталгыч мектептин программаларынын ортосундагы улантмалуулук көйгөрлөрүнүн илимий негизде иштелип чыкпагандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү түзүлгөн өзгөчөлүктөр, биринчи класска барган балдардын мектепте окууга болгон даярдыктарына коюлган катуу талаптар, бакча жана үй-бүлө шартында тарбияланган балдардын билим жана көндүмдөрүндөгү айрымачылыктардын мектепке даярдоо проблемасынын учурда өтө актуалдуулугун белгилейт. Алты-жети жаш курактагы балдардын байланыштуу кебин өстүрүү, сабаттуулукка үйрөтүүгө даярдоо, айлана-чөйрө жөнүндө түшүнүктөрүн илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн негизинде калыптандыруу балдарды мектепке даярдоодогу көйгөйлүү проблемалардан экендиги каралган. Мектепке даярдоо окуу-тарбия ишмердүүлүктөрүнүн баардык учурларында өзгөчө баланын өз эне тилиндеги байланыштуу кебин өркүндөтүү, сөздүктөрүн байытуу,тыбыштарды сөздөрдүн арасында туура айттыруу, печатталган тамгалар менен тааныштырып, колдорунун манжаларын калем сапты туура кармап, дептердин бетинде туура багыт алуусуна, жазылган кыска текстерди окууга, байланыштуу кебин өркүндөтүүгө үйрөтүү аркылуу, баланын келечекте сабаттуу болуусуна негиз түзүүдөгү көйгөйлөр каралат. 

Полный текст

    Турусбекова А.Э., Сейдекулова К.С.,
БАЛДАРГА ЭСТЕТИКАЛЫК ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ ҮЙ БҮЛӨНҮН ОРДУ
Страницы:188-194      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-188-194

Макалада балдарга эстетикалык тарбия берүүнүн мааниси жөнүндө, ошондой эле  эстетикалык тарбия берүүдө ата-энелерге үй бүлөөдө кандай иш-аракеттер жана жолдорду  колдонсо  боло  тургандыгы жөнүндө  ойлор  катылган. Эстетикалык тарбияны жаш кезинен уй булөөдө  кандайча калыптандырууга боло тургандыгы карата сунуштар  айтылган.Жаштарды ар тараптан өнүккөн, билимдүү, илимдүү, мада­нияттуу адам кылып тарбиялоо азыркы күндүн негизги талабы. Элдик педагоги­кадагы акыл-ой, турмушу, чарбасы, үй-бүлөсү  улуттук эстетикалык тарбия менен тыгыз байланышта өсүп-өнүгүп, муундан-муунга берилип отурган. Кыргыздарда эстетикалык маданият, эстетикалык табит кыргыз элинде өтө жогору бааланган. Эгерде элдин, улуттун жашоосуна педагогикалык жактан үй-бүлөлүк  тарбияга баа берсек  элдин карым-катнашы, баалуулугу, эстетикалык маданияты жогору болгон жаш муунду тарбиялоо жана үйрөтүү  тыгыз байланыштуу болгонун байкайбыз.

Полный текст