Кармышова У Ж.
ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕГИ КҮНӨСКАНАЛАР – БИЛИМ БЕРҮҮНҮ СТИМУЛДАШТЫРУУ КАРАЖАТЫ
Макалада, Жумгал районунун, Байзак айылында Молдокеев Асылбек атындагы инновациялык орто мектебинде 2021–2022-окуу жылында мектеп алдындагы ачык аянтчада жана күнөсканада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы келтирилди. Инновациялык мектептин алдындагы ачык аянтча жана күнөсканада биология сабагынан практикадан өткөн окуучулар сурамжылоого катышкан, анда окуучулардын табиятка кызыгуусу жана активдүүлүгү жогорулагандыгы байкалат
ЭТНОБОТАНИКАЛЫК ЫКМАНЫН БОТАНИКАДАН ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА РОЛУ
Макалада, Ботаникадан окуу-талаа практикасында этноботаникалык ыкманы “Өсүмдүктөрдү аныктоо чыйыры” колдонуу менен, өсүмдүктөрдүн жергиликтүү аталышын кароо, талдоо каралды. Ботаникадан окуу-талаа практикасын өткөрүүдө “Өсүмдүктү аныктоо чыйыры” этноботаникалык ыкманы колдонуу менен өсүмдүктөрдүн элдик аталышын, илимий аталыштары менен бышыктоо эффективдүү болуп саналат. Студенттер өсүмдүктөрдүн аймактарда аталышы дал келбеген учурларда, кызуу талкуу жүргүзүшөт
РАЗРАБОТКА И ВНЕДРЕНИЕ НОВОГО БИОПРЕПАРАТА ДЛЯ ЭКСПРЕСС-ДИАГНОСТИКИ ОПАСНОГО ЗАБОЛЕВАНИЯ – ТУБЕРКУЛЕЗА КРУПНОГО РОГАТОГО СКОТА
В статье рассматриваются биологические свойства микобактерий крупного рогатого скота, а также технология приготовления и производства диагностических препаратов для опасного заболевания туберкулезом. Высокие количественные показатели изоляции культур из исследуемого биоматериала отмечены также у M.bovis, что составило 35,5%. Количество других видов микобактерий, изолированных из биоматериала было следующим: М.fortuitum равнялось 9,6% и M.avium – 3,2%. Изучение биологических свойств микобактерий, высеянных из органов животных Туркестанской области, позволило идентифицировать их как M.bovis и M.scrofulaceum. Научно-исследовательская работа является одним из приоритетных направлений научных исследований в животноводстве
БОЕК АЛЫНУУЧУ ӨСҮМДҮКТӨР ЖАНА БОЕК АЛУУНУН ЭЛДИК ЫКМАЛАРЫ
Макалада боек алынуучу өсүмдүктөрдүн, боек топтоочу бөлүктөрү берилип, аны алууну элдик ыкмалары келтирилди. Кыргыз эли өзүнүн узун тарыхында, жашаган айлана-чөйрөсүнө өтө аярдык менен мамиле жасап, кылдат байкоо жүргүзүп жана жаратылыштын кубулуштарын изилдеп-үйрөнүп, өзгөчө бай, көп кырдуу салттуу билим топтоп жана күнүмдүк жашоосунда колдонуп келген. Буюмдарды түрдүү түскө боедо, боегуч заттарды өсүмдүктөрдөн жана башка булактардан алуу ыкмаларын өздөштүрүшкөн. Элдик кол өнөрчүлүктө түстөр жалпы жолунан негизги жана кошумча түстөр болуп экиге бөлүнөт. Негизги түстөр: ак, сары, кызыл, жашыл, көк, кара, сыя;
Кошумча түстѳр: негизги алты түстүн бири менен экинчисинин (же үчүнчүсүнүн) жуурулушкан кошундусунан пайда болот, алардын саны абдан арбын. Кыргызстанда таралган 4500 түр өсүмдүктүн 80 ге жакыны боек алынуучу өсүмдүктөр болуп саналат, андан элдик кол өнөрчүлүктө 30 жакын түрү кеңири колдонулат.