Бактыбек кызы Н .

    Төлөгөнова Г.А., Бактыбек кызы Н...,
«ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА» – КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ
Страницы:50-55      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2022-4-50-55

Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн башкы максаты – бул республикада туруктуу социалдык-экономикалык өсүүгө жетишүү. Ошондой болгондо гана азыркы муун кийинки урпактар үчүн таза Кыргызстанды, таза жаратылышты, таза тоолорду жана өрөөндөрдү, таза сууларды жана көлдөрдү калтыра алат. Бул дүйнөнүн туруктуу өсүүсүнө жана жаратылышынын сакталышына Кыргызстандын кошкон салымы болот.

Полный текст

    Темирбек уулу И..., Төлөгөнова Г.А., Бактыбек кызы Н..., Таштанбекова С.Б., С.Б.,
ДЕН-СООЛУКТУ ДАРЫЛОО ЖАНА ЧЫНДОО ТУРИЗМИН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ
Страницы:337-342      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-337-342

Санаториялык-курорттук иштерди уюштуруу курорттук бизнестин алкагында каралат. Курорттук ишкердиктин расмий, мыйзамдуу түрдө бекитилген аныктамасы төмөндөгүдөй: «Курорттук ишкердик – табигый дарылык ресурстарды пайдаланууга негизделген ооруларды дарылоо жана алдын алууну уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча илимий жана практикалык иштердин бардык түрлөрүнүн жыйындысы».Санаториялык-курорттук кызмат көрсөтүүлөр – эс алуучуларга санаториялык-курорттук дарылоого жана курорттук эс алууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу Демек ден соолук – бул эң чоң баалуулук, максатында курорттук зоналарда жайгашкан жайгаштыруу ишканалары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар. Бул контекстте алар рекреациялык кызматтардын бир бөлүгүн түзөт. Белгилей кетсек, санаториялык-курорттук кызмат көрсөтүүлөр калктын айрым категорияларына мамлекеттик милдеттенмелердин чектеринде санаториялык-курорттук жардам көрсөтүүнүн негизи болуп саналат. Санаторийлик-курорттук кызматтардын  кыйла кеңири бөлүгүн ден соолукту чыңдоо тармагына  кошууга болот.аны сактоо учун жагымсыз экологиялык шарттарда ар тараптуу көңүл буруу керек.

Полный текст