Калыбаева Анархан Бектемировна
КЫРГЫЗ МАКАЛДАРЫН САБАКТА КОЛДОНУУ ӨЗГӨЧӨЛҮКТѲРҮ
Бул макалада кыргыз макалдарын кыргыз тили сабагында майнаптуу колдонунун жол-жоболору, макалдарда камтылган ѳзѳктүү ой-пикирлердин негизинде окуучулардын чыгармачыл, эркин ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана ушундай ыкмалар аркылуу алардын сүйлѳѳ маданиятын жогорулатуу маселелери илимий жактан иликтѳѳгѳ алынат. Мында кыргыз макалдарынын адамды ѳнүктүүрүүчү философиялык, этномаданий, этнопсихологиялык, этнопедагогикалык жагдайлары кылдат эске алынышы зарылдык катары белгиленген.
КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДА СТУДЕНТТЕРДИН ЭТНОМАДАНИЙ ТҮШҮНҮКТӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Кыргыз эли көп кылымдарды аркалап жараткан рухий табылгалары, оозеки философиялык ой чабыттары аркылуу урпактарын сөздүн улуу күчү менен тарбиялап келген эл болгон. Ошондуктан, кыргыз тилин улуттук дүйнө таанымына таянып окутуу гана өз максатына жеткирет кеп маданиятына аны өркүндөтүүгө багытталган ушул сыяктуу руханий баалуулуктарды сабактарда колдоно билүү сабактын эффективдүүлүгүн арттырат