Жакышова Б Ш.
БОЛОЧОК ХИМИЯ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО ПРОЦЕССИНДЕ КЕСИПТИК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ МОДЕЛДЕШТИРҮҮ
Жогорку окуу жайларда болочоктогу химия мугалимдерин тарбиялоонун заманбап талаптарына ылайык, студенттердин маалыматтык-методикалык компетенттүүлүгүн калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган үзгүлтүксүз маалыматтык-методикалык даярдыктын дидактикалык системасы сунуш кылынды. Келечектеги химия мугалиминин маалыматтык-методикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу тутумунун билим берүү функцияларынын багыттары жана функциялары белгиленди.
ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ
Бул макалада химияны окутуу практикасында колдонулган санариптик билим берүү ресурстары каралды. Санариптик билим берүү ресурстарын ишке ашыруу формалары, санариптик билим берүү ресурстарын пайдалануунун педагогикалык натыйжасы жана алардын «Химия» предмети боюнча окутуунун натыйжалуулугуна тийгизген таасири жөнүндө сөз болду.Уулуу, жарылуучу жана күйүүчү заттар боюнча химиялык эксперимент жүргүзүүгө мүмкүн болгон виртуалдык лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун өзгөчө маанилүү экендиги белгиленди.
Мындан тышкары “санариптештирүү” термининин мааниси аныкталды, коомдун өнүгүшү үчүн маанилүү санариптик технологиялардын тизмеси эске алынды, заманбап адистин негизги санариптик компетенциялар аныкталды жана системалаштырылды (санариптик технологиялар менен иштөө көндүмдөрү). Технологияларды ишке ашыруудагы ар түрдүү жана эффективдүү онлайн баарлашуу жөндөмү, аналитикалык, критикалык жана ийкемдүү көндүмдөр ж.б.
Санариптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу милдети жаңыланып, санариптик билим берүү контентин иштеп чыгуу технологиялары, психологиялык-педагогикалык талаптарды эске алуу менен анын сапатын баалоо ыкмалары сыяктуу учурдагы педагогикалык изилдөөлөрдүн жолдору белгиленген.