Насирдинова Г К.
БОЛОЧОК ХИМИЯ МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО ПРОЦЕССИНДЕ КЕСИПТИК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ МОДЕЛДЕШТИРҮҮ
Жогорку окуу жайларда болочоктогу химия мугалимдерин тарбиялоонун заманбап талаптарына ылайык, студенттердин маалыматтык-методикалык компетенттүүлүгүн калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган үзгүлтүксүз маалыматтык-методикалык даярдыктын дидактикалык системасы сунуш кылынды. Келечектеги химия мугалиминин маалыматтык-методикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу тутумунун билим берүү функцияларынын багыттары жана функциялары белгиленди.