Айтышова Ж Т.
МЕКТЕПТЕРДИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЗЭЭНДҮҮЛҮГҮНҮН ӨНҮГҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
Макалада автор мектептердин башталгыч класстарында окуучулардын чыгармачылык зээндүүлүгүнүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп өткөн. Жаштардын зээндүүлүк потенциалы биздин мамлекетибиздин бекемделиши үчүн социалдык жана экономикалык мааниге ээ экендиги көрсөтүлгөн. Башталгыч класстарда зээндүү балдарды айлана чөйрөгө багыттуу окутуу ыкмасы мугалимдин ишмердүүлүгүнөн, педагогикалык таасирден көз каранды жана өзүн-өзү өнүктүрүүсү менен ишке аша турган окуу чөйрөсүн курууга болоору каралган.