Нурманбетова А Т.
ЭТНОБОТАНИКАЛЫК ЫКМАНЫН БОТАНИКАДАН ОКУУ-ТАЛАА ПРАКТИКАСЫНДА РОЛУ
Макалада, Ботаникадан окуу-талаа практикасында этноботаникалык ыкманы “Өсүмдүктөрдү аныктоо чыйыры” колдонуу менен, өсүмдүктөрдүн жергиликтүү аталышын кароо, талдоо каралды. Ботаникадан окуу-талаа практикасын өткөрүүдө “Өсүмдүктү аныктоо чыйыры” этноботаникалык ыкманы колдонуу менен өсүмдүктөрдүн элдик аталышын, илимий аталыштары менен бышыктоо эффективдүү болуп саналат. Студенттер өсүмдүктөрдүн аймактарда аталышы дал келбеген учурларда, кызуу талкуу жүргүзүшөт
ПОЛУЧЕНИЕ И ПРИМЕНЕНИЕ ИНСЕКТОАКАРИЦИДНОЙ ЛЕЧЕБНО-ПРОФИЛАКТИЧЕСКОЙ СМЕСИ НА ОСНОВЕ ЭФИРОМАСЛИЧНЫХ РАСТЕНИЙ ПРОТИВ ПАРАЗИТОВ СЕЛЬСКОХОЗЯЙСТВЕННЫХ ЖИВОТНЫХ
В статье дана информация о лечебно-профилактической смеси, полученной из лекарственных растений. В последнее время поиск ядовитых и эфиромасличных растений, эффективных для борьбы с клещами и многоядными насекомыми является актуальной проблемой. Из информации научных трудов известно, что такими свойствами обладают многие растения. Нами для этой цели выбраны некоторые лекарственные растения. Дана характеристика и содержание биологически активных веществ,выбранных лекарственных и эфиромасличных растений, их использование для уничтожения личинок носоглоточного овода и чесоточного клеща. Использовались различные органы лекарственных, эфиромасличных растений, такие как иглы, шишки, листья, молодые стебли. Разработана схема технологии изготовления лечебно-профилактической смеси ЛПС. Полученная информация может быть полезна заинтересованным сторонам народного хозяйства.
БОЕК АЛЫНУУЧУ ӨСҮМДҮКТӨР ЖАНА БОЕК АЛУУНУН ЭЛДИК ЫКМАЛАРЫ
Макалада боек алынуучу өсүмдүктөрдүн, боек топтоочу бөлүктөрү берилип, аны алууну элдик ыкмалары келтирилди. Кыргыз эли өзүнүн узун тарыхында, жашаган айлана-чөйрөсүнө өтө аярдык менен мамиле жасап, кылдат байкоо жүргүзүп жана жаратылыштын кубулуштарын изилдеп-үйрөнүп, өзгөчө бай, көп кырдуу салттуу билим топтоп жана күнүмдүк жашоосунда колдонуп келген. Буюмдарды түрдүү түскө боедо, боегуч заттарды өсүмдүктөрдөн жана башка булактардан алуу ыкмаларын өздөштүрүшкөн. Элдик кол өнөрчүлүктө түстөр жалпы жолунан негизги жана кошумча түстөр болуп экиге бөлүнөт. Негизги түстөр: ак, сары, кызыл, жашыл, көк, кара, сыя;
Кошумча түстѳр: негизги алты түстүн бири менен экинчисинин (же үчүнчүсүнүн) жуурулушкан кошундусунан пайда болот, алардын саны абдан арбын. Кыргызстанда таралган 4500 түр өсүмдүктүн 80 ге жакыны боек алынуучу өсүмдүктөр болуп саналат, андан элдик кол өнөрчүлүктө 30 жакын түрү кеңири колдонулат.