Токталиева Г Р.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТОКОЙЛОРДУ ϴРТТϴН САКТОО
Азыркы учурда токой өртүнө каршы күрөштү заманбап уюштуруу иш жүзүндө алар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Өрттөрдү жок кылуу боюнча чаралар көбүнчө өрт токойго «келип» же калктуу конушка коркунуч туудурганда гана көрүлөт. Кургакчылык токой өртүнө чоң салым кошот. Кургакчылык феноменин атмосфералык процесстердин комплекси катары кароого болот. Күзгү-кыш мезгили, өрт мезгилинин алдында өтө күйүүчү, жылуу күз жана кар аз жааган суук кыш мезгили менен мүнөздөлөт. Мындай алгачкы аба ырайы шарттары, экстремалдуу өрт мезгилине чейинки жана аны коштогон мезгилдерде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында байкалууда
АЛАЙ ТООСУНУН ТҮНДҮК КАПТАЛЫНДАГЫ АЙРЫМ ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ТҮРЛӨРҮНҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК МААНИСИ
Макала Алай кырка тоосунун түндүк капталынын флорасынын кээ бир орчундуу маселелерин изилдөөгө арналган. Борбордук Азияда жайгашкан Памир тоо кыркалары дүйнөдөгү эң бийик жана эң татаал тоолордун бири. Памир-Алай кырка тоосунун флорасынын уникалдуулугу, алардын морфологиялык өзгөчөлүктөрү ошол аймактын табигый-климаттык шарттары менен тыгыз байланышта. Өсүмдүктөрдүн бүт түрү, тукум жана уруусу тарыхый жактан ушул аймакта калыптанган. Макалада ошондой эле аймактын экосистемасында маанилүү роль ойногон бийик тоолуу аймактардын шарттары, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн зоналык дифференциациясы каралат.
Алай кырка тоосунун флорасы ботаникалык жана географиялык жактан аз изилденген. Кыргызстандын тоо кыркаларында өсүмдүк катмарынын таралышынын жалпыланган аныктамалары бар, бирок ошол эле учурда айрым аймактардын, анын ичинде Алай кырка тоосунун ландшафттык тилкелерин дифференциалдуу изилдөө илимдин эң актуалдуу проблемаларынын бири бойдон калууда.