Сатывалдиев Д С.
АРАЛАШМАЛАРДЫ ТАЗАЛООНУН ЖОЛДОРУН ОКУТУУДА ВИДЕО САБАКТАРДЫ КОЛДОНУУ
Видеосабактарда колдонулган автордук анимациялык программалар Adobe Flash Professional программасында жасалган. Adobe Flash Professional программанын негизинде аппараттар менен реакторлордо жүргөн химиялык жана физикалык процесстер, химиялык реакциялардын модельдери, электрондук окуу куралдар, виртуалдык лабораториялык иштер түзүлөт. Анимациялык программаларды атомдорго жана молекулаларга колдонгондо, алардын өлчөмдөрү болжол менен 109 1010 эсе чоңойтулуп алынат. Аралашмаларды тазалоонун жолдорун окутууда видео сабактарды колдонуу усулу сунушталат