Калдыбаева А. Т.

    Калдыбаева А.Т., Батиров А.Р.,
ЭЛДИК ЭПОСТОРДУН НЕГИЗИНДЕ БАЛДАРДЫ ПАТРИОТТУК ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА ИЗИЛДӨӨНҮН МЕТОДДОРУ
Страницы:21-28      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-21-28

Кыргыз элинин эпикалык мурастарын азыркы мектепте окуучуларды патриоттук тарбиялоодо пайдалануу көп тармактуу изилдөөнү талап кылат. Биздин бул макала мына ушундай изилдөөнүн методдорун көрсөтөт. Айрым методдордун (контент-анализ, структуралык-семиотикалык анализ, герменевтикалык метод) кандайча пайдаланылгандыгы макалада чагылдырылат. Илимий булактарды пайдалануу, этнопедагогикалык факт жана материалдарды тандоо, аларды системага салуу жана синтездөө, мамлекеттик жана өкмөттүк токтомдорду, мыйзамдарды, мектеп документтерин, окуу программалары, окуу китептерин ж. б. окуу куралдарын үйрөнүү; мугалимдердин, тарбиячылардын иш-тажрыйбаларын жыйноо жана аларды жалпылоо ж. б. методдорду кандайча колдонгондугубуз тууралуу конкреттүү маалыматтар берилет. Макаланын актуалдуулугу мектептерде патриоттук тарбия түшүнүгү кыргыз этнопедагогикасы менен байланыштуу каралгандыгында. Макалада айтылган ойлор этнопедагогикалык багытта изилдөө жүргүзгөндөр жана мектептеги тарбия иштерин жүргүзүүчүлөр үчүн пайдалуу болот.

Полный текст

    Калдыбаева А.Т., Өмүрканова Ч.Т.,
ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ОРДУ ЖАНА ШАРТТАРЫ
Страницы:146-153      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-146-153

Кыргызстандагы азыркы тарыхый кырдаалдын өзгөчөлүктөрү билим берүүнүн мазмунун жана багыттуулугун түпкүрүн өзгөрткөн жаңы цивилизациялык мамилелерге өтүү менен мүнөздөлөт. Бул шарттарда бүгүнкү күндүн керектөөлөрүнө ылайык билим берүү системасын модернизациялоо проблемасын чечүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Мында өлкөнүн масштабында глобалдуу мүнөзгө ээ болгон билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн чечүү стратегиялык милдет болуп саналат.Аралыктан үзгүлтүксүз окутууну формасынын уюштуруунун педагогикалык  жактан билим берүү заманбап маалыматтык  технологияларга негизделген аралыктан окутуу Кыргызстандагы ЖОЖайлардын ичинен көбүнчө AVN программасы аркылуу маалыматтык-билим берүү системасы катары билим берүүнүн элементтерин жана виртуалдык билим берүү чөйрөсүнүн көптөгөн элементтерин айкалыштырат деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Дистанттык окутуунун педагогикалык технологиялары – электрондук телекоммуникацияларды жана дидактикалык каражаттарды колдонуу менен кыйыр жана түз байланыштын педагогикалык технологиялары аркылуу иш жүзүнө ашырылат.

Полный текст