Мусаева В. И.
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ КЫРГЫЗ ТИЛИН С. НААМАТОВДУН ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК МУРАСТАРЫНА ТАЯНУУ МЕНЕН ОКУТУУ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
Бул макала тилчи-окумуштуу, кыргыз тилинин методика илиминин негиздөөчүсү С.Нааматовдун илимий-методикалык жана педагогикалык мурастарына арналды. Аз жашаган өмүрүндө бир нечелеген илимий эмгектерди калтыргандыгы тууралуу буга чейинки жарыяланган материалдарга таянып, алардан шилтемелерди келтирүү менен окумуштуунун кыргыз башталгыч билим берүүсүн, кыргыз тилинин методика илимин негиздегендигин тастыктоого басым жасалды.
ЭТНОПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ ЭЛДИК МАКАЛ-ЛАКАПТАРДЫ, НАКЫЛ КЕПТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН СӨЗДҮК КОРДУ БАЙЫТУУНУН ЫКМАЛАРЫ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
макалада орто мектепте кенже класстарда кыргыз тилин окутууда таалим-тарбиялык маанидеги макал-лакаптарды пайдалануу менен окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү тууралуу ой-пикирлер сунушталды. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда, айрыкча, лексико-грамматикалык темаларды окутуу процессинде этнопедагогикалык багыттагы элдик макалдарды дидактикалык окуу материалы катары кеңири пайдалануу аркылуу окуучулардын оозеки жана жазуу кебин, кеп ишмердүүлүгүн байытуунун жол-жоболору камтылды.