Муратов А. Ж.
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ӨЗБЕК ЖАЗУУЧУЛАРЫНА ТИЙГИЗГЕН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТААСИРИ
Чыңгыз Айтматов – ХХ кылымдагы дүйнөлүк адабиятка таасирин тийгизген классик-жазуучу. Анын чыгармачылыгынын ошол дүйнөлүк адабият менен байланышы дагы көптөгөн изилдөөлөргө предмет болууга тийиш. Өзбек адабияты жана маданият кызматкерлери да жазуучунун таасиринде чыгармаларын жараткан, аны менен жеке байланышта да болгон. Мына ушул чыгармачылык байланышты иликтөө бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири экендиги талашсыз.
Бул макалада улуу жазуучу жана көрүнүктүү коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун өзбек жазуучуларынын чыгармачылыгына тийгизген таасири талдоого алынат. Советтик коомдун руханий өзгөчөлүктөрү, коомдогу жазуунун ролу тууралуу сөз жүрөт.
Макала кыргыз-өзбек маданий байланыштарына, Чыңгыз Айтматовдун биографиясына жана чыгармачылыгына кызыгуучуларга арналат.
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН АДЕПТИК САЛТТАРЫН ТАРБИЯ ПРОЦЕССИНДЕ ПАЙДАЛАНУУ
Кыргыз элинин адептик салттарын тарбиялоо процессинде колдонуу, азыркы билим берүүнүн жана маданиятты өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйү болуп саналат. Бул илимий-изилдөө иши гармониялуу инсанды калыптандыруу жана маданий мурастарды сактоо максатында улуттук каада-салттарды тарбия процессине киргизүүнүн натыйжалуулугун талдоого багытталган. Эмгекте кыргыз элинин салттуу тарбиясынын негизги принциптери, инсандын баалуулук багыттарын жана адеп-ахлактык сапаттарын калыптандыруудагы ролу каралат. Заманбап тарбиялоодо элдик адептик салттарды колдонуунун ыкмаларына жана формаларына, алардын жаштардын психологиялык жана социалдык өнүгүүсүнө тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн натыйжалары элдик маданий мурастардын негизинде натыйжалуу билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга умтулган мугалимдерге, маданият таануучуларга жана билим берүү тармагындагы адистерге пайдалуу болушу мүмкүн.
КЫРГЫЗДАРДЫН CАЛТТУУ САНЖЫРА БИЛИМДЕРИ: «МАНАС» ЭПОСУ
Кыргыздар – эң байыркы элдердин бири. Алардын элдик билимдери жана эмпирикалык тажрыйбалары көп түрдүү жана өтө бай болгон. Бирок ал проблема ар тараптуу изилденген эмес. Муну педагогикалык аспектиден излдөөнүн зарылдыгы бышып жетилди.
Бул макалада элдик билимдер жана тажрыйбалар «Манас» эпосунда кандайча чагылдырылгандыгы мисалдар аркылуу көрсөтүлөт.
Кыргыз элинин билим берүү салттарынын азыркы учурдагы мааниси, максаты көрсөтүлөт.
«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ МАТЕМАТИКА
Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Алардын тарыхы – согуштардын тарыхы. Тышкы душмандар менен уруш-талаштар, согуштар XX кылымга чейин созулуп келген. Андыктан да элдик билим берүүдө жоокерлерди даярдоого өзгөчө маани берилген. «Манас» эпосу элдин идеалы, баатырдыктын идеалы болуп келген. Изилдөөчүлөрдүн бир тобу бул эпосто V кылымдагы окуялар чагылдырылат дешсе, башкалар XI-XI кылымдагы окуялар дешет, дагы башкы окумуштуулардын тобу анда XVIXVII кылымдагы кыргыздар менен калмактардын согушу көрсөтүлөт дейт. Манас – тарыхый инсан дегендар да кездешет. Бирок ал биринчи кезекте фольклордук чыгарма. Анда адегенде айрым гана бир же бир нече адамдын тагдыры баяндалса, улам мезгил өтүү менен ар кандай окуялар жана каармандар кошулуп отурган да XX кылымда гана кагаз бетине түшүрүлгөн. Азыр бул эпопеянын жетимиштен ашык варианты сакталып турат. Бул улуу эпос кыргыз эли тарабынан оозеки формада муундардан муундарга өтүп айтылып келген. Мындай улуулардын кичүүлөргө айтып өткөрүүнүн мааниси болочок муунду мекенчилдикке тарбиялоо менен байланыштуу болгон. Элдик тарбиянын көптөгөн каражаттары менен методдору дал ушул «Манас» эпосуна сиңдирилген. Бул макалада ошондой башкы педагогикалык ойлор берилет. Макала «Манас» эпосу аркылуу педагогдордун активдүүлүгүн жогорулатууга, байыркы кыргыздардын адептик, мекенчилдик, эстетикалык, руханий-агартуучулук салттары менен аларды тарбиялоого жардам берет. Биздин ойлор жана сунуштар азыркы жаштарды улуттук баалуулуктарды, эне тилди сыйлоого үйрөтүп, алардын көз караштарын этнопедагогизациялоого, лингвокоммуникативдик жана этномаданий компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Бул макалада «Манас» эпосундагы математикалык элдик билимдер жана түшүнүктөр талдоого алынат. Математикалык «сан», «эсеп», «ирет» түшүнүктөрүнө элдик билимдердин аспектисинен пикирлер айтылат.