Мырзадаирова Д. Ш.

    Мырзадаирова Д.Ш.,
ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ГҮЛСАРАТ» ЧЫГАРМАСЫНДАГЫ ЫЙМАН ТЕМАСЫ
Страницы:191-194      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2023-3-191-194

Чынгыз Айтматовдун «Гүлсарат» чыгармасында ыйман, адеп, ахлак, жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы мамиле жөнүндө, ошондой эле, совет доорундагы оӊ жана терс көз караштар туурасында сөз козголгон.

Полный текст

    Мырзадаирова Д.Ш., Култаева Г.Б.,
БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ИНТЕГРАЦИЯСЫ: КОМПЕТЕНТТҮҮ ИНСАНДЫН ПАЙДУБАЛЫН ТҮЗҮҮ
Страницы:89-95      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-89-95

Макалада заманбап баланын компетенттүү инсандыгын калыптандырууда башталгыч билим берүүнүн ролу каралат. Психологиялык, педагогикалык жана маданий аспектилердин, ошондой эле, ийгиликтүү тажрыйбалардын мисалдарынын негизинде авторлор башталгыч билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги принциптерин, көйгөйлөрүн жана перспективаларын талкуулашат. Кошумчалай кетсек, бул жаатта инновациялык ыкмалар, учурдагы чакырыктар жана перспективалар көрсөтүлөт.

Полный текст

    Мырзадаирова Д.Ш., Култаева Г.Б.,
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН ИНТЕРАКТИВДҮҮ ОКУТУУ ЫКМАЛАРЫН КОЛДОНУУ
Страницы:95-100      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-95-100

Макалада жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү, аларды команда менен иштөөгө көнүктүрүү жөндөмдөрү каралат. Башталгыч мектепте окуучуларды биринчи класстан баштап окутууда интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуп баштаса болот. Бул окуу процессин маңыздуу, логикалык жактан толук, эмоционалдык позитивдүү жана эффективдүү кылууга жардам берет. Башталгыч мектеп курагында өзгөчө өзгөчөлүктөр бар, алар мектеп босогосун алгач аттагандыктан, сабакка көңүл буруу жөндөмү жетишсиз, ошондуктан кыймыл активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн оюн сабактарына көбүрөөк каалоо болот. 

Полный текст