Курманалиев К. А.
КАРА-КЫРГЫЗ АТОНОМИЯЛУУ ОБЛАСТЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
Бул макалада Совет бийлгинин алгачкы жылдарында большевиктер партиясынын Орто Азия элдеринин өз тагдырын өзү чечүү укугунун негизинде, кыргыздын чыгаан уулдары кыргыз элинин бири-биринен ажыраган бөлүктөрүн кайрадан бир бүтүнгө бириктирүү демилгесинин натыйжасында Кара-Кыргыз Автономиялуу Областынын түзүлүшү каралат.
Кыргыз элине автономия түзүү маселеси биринчи жолу 1921-жылдын май айында көтөрүлгөн.Түрк комиссиясынын жана Түркстан БКнын бир катар жооптуу кызматкерлери Верный шаарында, «Түркстан АССРинин курамында өз алдынча Кара-Кыргыз тоолуу областын түзүү жөнүндө» маселени коюшкан.
Бирок, И.Сталиндин көрсөтмөсү менен ТКП(б) БКнын Аткаруу бюросу Тоолуу аймакты бөлүүнү убактылуу токтотууну чечип, областы түзүү жасалма мажбурланган, даярдыксыз чечим деп эсептелинген.
ТКП БК (б) менен Түркстан Советтеринин БАКында, Орто Азия бюросунун мүчөлөрү менен партиялык-советтик кызматкерлеринин бириктилирген кеңешмесинде И.Арабаев кара кыргыздардын, кыргыз-кайсактардан кескин айырмаланары жана өз алдынча республика болуу укугу берилбей жатканына нааразычылыгын билдирип, Кыргыз автономиялуу маселесин токтоосуз чечип берүүнү сунуш кылган.
1924-жылдын 14-октябрында Бүткүл россиялык бобордук аткаруу комитетинин экинчи сессиясында улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүү жөнүндөгү ТүркБАКтын токтому каралып, РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз Автономиялуу Областы түзүлгөн
КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛАСТЫНЫН 1925-1926-ЖЫЛДАРДАГЫ ОКРУГДУК-ВОЛОСТУК ТҮЗҮЛҮШҮН ӨЗГӨРТҮҮ
Бул макалада Кара-Кыргыз Автономиялуу Областынын 1925-1926-жылдардагы округдук-волостук түзүлүшкө өтүүнүн себептери жана жаңы административдик башкаруунун жолдору каралат.
ККАОнун мамлекеттик курулушу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүшүндө областык жана округдук революциялык комитеттердин иш-аракеттеринде административдик башкарууну уюштуруу талаптагыдай болбогондугун көрсөттү. Ошондуктан областтык революциялык комитет эки округдук бөлүштүрүүдөн баш тартууга аргасыз болгон.
Анын жүйөөлүү себептери дөңгөлөктүү жолдордун жоктугу жооптуу кызматкерлердин борборборго катташына оорчулук келтирген. Телеграф-телефон байланышы ККАОнун бардык аймагын камтыган эмес, ошондой эле радио байланыш да жок болгон. Бардык иштер кагазга жөнөкөй жазуу менен кыскартылып берилген. Мындан тышкары, түпкү калктын сабатсыздыгынан округдук волосттордо жана өтө чоң округдарды башкара ала турган адамдарды табуу кыйын болгон. Баш тартуунун дагы бир себеби, округдун айрым бөлүктөрүнүн (мисалы, Талас району менен Пишпек округу) ортосунда соода-экономикалык байланыштын жоктугу да болгон.
1924-жылы ноябрда Каменскийдин төрагалыгы астында областы райондоштуруу боюнча комиссиясынын сунушу боюнча област төрт округка – Пишпек, Каракол-Нарын, Ош, Жалал-Абад жана мурдагы Каракол жана Нарын уезддери, Пишпек уездинин Тоолуу районунун бардык волосттору Каракол-Нарын округуна өтүшү керек болгон.
Башкаруу ынгайлуулугу жана башка административдик иш чараларды камсыз кылуу үчүн областтык жана волосттук, уездик бирдиктердин аймактык бөлүмдөрүн түзүү пландаштырылган.