Иманкулова С. Э.
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Бул макалада мектеп окуучуларынын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу боюнча маалымат берилет. Өспүрүм куракта чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү заманбап билим берүүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Классикалык билим берүү системасы окуучуларга керектүү билимди берүү менен алектенет. Бирок учурда материалдын кандайдыр бир өлчөмүн жаттап алуу жетишсиз. Окутуунун негизги максаты жалпылоочу стратегияны өздөштүрүү болушу керек, кантип үйрөнүүнү үйрөтүү керек, мындай стратегияны өздөштүрүүнүн критерийлеринин бири чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Макалада чыгармачыл инсандын өзгөчөлүктөрү, сапаттары, жөндөмдүүлүктөрү, көрсөткүчтөрү берилет.
КӨРКӨМ ӨНӨР САБАГЫ ‒ ӨСПҮРҮМ КУРАКТАГЫ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН КӨРКӨМ-ЭСТЕТИКАЛЫК ТАБИТИН КАЛЫПТАНДЫРУУ КАРАЖАТЫ
Бул макалада көркөм өнөр сабагында өспүрүм курактагы мектеп окуучуларынын көркөм-эстетикалык табитин калыптандыруу маселеси каралат. Азыркы учурда жаш муундарды эстетикалык жактан тарбиялоо бирден-бир негизги милдетердин бири болуп жатат. Калыптанган эстетикалык табит инсанга эстетикалык тарбия берүү процессинин натыйжасы болуп саналат. Эстетика илими эстетикалык табитти инсандын көркөм маданиятынын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири катары карайт, аны коомдун эстетикалык маданиятынын өнүгүү деңгээли менен байланыштырат. Бул мааниде эстетикалык табиттин мазмундук негизин искусство түзөт, ал жеке адамды эстетикалык тарбиялоонун каражаты катары да каралат. Эстетикалык жактан тарбияланган, табити жогору өнүккөн окуучунун дүйнөгө болгон көз карашы туура калыптанып, окууга, тарбияга болгон мамилеси да өзгөрөт. Көркөм-эстетикалык табитти калыптандырууда көркөм өнөр сабагынын мааниси абдан чоң. Макалада предметтик стандартка басым жасалып, коюлган максат, милдеттер талданат. Мугалимге сабак өтүүдө бир нече сунуштар берилет. Негизги сөздөр: Эстетикалык тарбия, көркөм-эстетикалык табит, көркөм өнөр сабагы, өспүрүм курак, мугалим, окуучу, чыгармачылык, искусство, ишмердүүлүк, калыптандыруу.