Теңизбек кызы А. .

    Теңизбек кызы А..., Бекасыл кызы А..., Пайзиллаева С.Б.,
СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПКӨЙЛҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН РОЛУ
Страницы:147-153      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-1-147-153

Бул макаладапедагогикалык практикада студенттердин жогорку окуу жайларынан алган билимин, тажрыйбасын  жана көндүмдөрүн практикада колдонууга мүмкүндүк берет жана алардын келечектеги  кесиптик  ишмердүүлүккө ийгиликтүү даярдоонун эффективдүү системасынын  бири катары  кызмат кылат.  Студенттердин кесиптик-педагогикалык чеберчилигин арттырып,  жалпы орто билим берүүчү мектептердин  окуучулары менен келечектеги педагог өз алдынча иштерди уюштуруу, окутуу жана тарбия иштерин жүргүзүү көндүмдөрүн калыптандырат. Ошондой эле, студенттерге келечектеги өз кесибин туура тандоону жана  ынанууга мүмкүндүк берет.

Студенттердин мугалимдин тарбиячылык ишмердүүлүгү кесиптик ишмердүүлүктүн өзгөчө түрү экенин, ал окуучуну инсан катары ар тараптуу калыптандырууга багытталган, мугалим-тарбиялануучунун өз ара байланышына негизделгендигин түшүнүүгө тийиш.   Практикада  студенттердин теориялык билиминин  даярдыгы менен алардын практикалык тажрыйбасындагы  ишмердүүлүгүнүн байланышын камсыз кылуучу окуу процессинин  бөлүгү болуп эсептелинет.  Студенттердин жогорку окуу жайларынан алган билимин, тажрыйбасын  жана көндүмдөрүн практикада колдонууга мүмкүндүк берет жана алардын келечектеги  кесиптик  ишмердүүлүккө ийгиликтүү даярдоонун эффективдүү системасынын  бири катары  кызмат кылат. 

Полный текст

    Теңизбек кызы А..., Узакова М.К., Казиева Г.К.,
БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ «МЕКЕН ТААНУУ» ПРЕДМЕТИН ОКУТУУДА ОКУУЧУЛАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК МАДАНИЯТЫНЫН КАЛЫПТАНЫШЫ
Страницы:365-372      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-365-372

Макалада башталгыч мектепте "Мекен таануу" предмети боюнча экологиялык билим берүү, ошондой эле башталгыч класстардын окуучуларынын экологиялык маданиятынын калыптанышы каралат. Педагогикалык илимий изилдөөлөрдө жергиликтүү жаратылышты сүйүү идеясы жаңы көрүнүш эмес. Бирок, азыркы учурда социалдык-экономикалык, саясий, руханий жана маданий турмушундагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, өсүп келе жаткан муунда башкача айканда башталгыч кластын окуучуларын мектеп босогосун аттагандан баштап, жаратылышка баалуу, аяр жана көздүн карегиндей сактап мамиле кылуу өзгөчө мааниге ээ экендиги түшүндүрүү,үйрөтүү, айтуу абдан актуалдуу болуп саналат. Экологиялык жана патриоттук сезимдерине тарбия берүүнүн максаттары менен милдеттерин, алардын негизги түшүнүктөрүн салыштырмалуу талдоо, кароо окуучулардын жаратылышка болгон баалуу өзгөчө мамилесин калыптандырууда аларды кызыктыруу өз ара байланышта кароого негизин берет. Мында патриоттук, ошондой эле экологиялык тарбия берүү маселелерин чечүүнүн негизи адамдын өзүнө, коомго, курчап турган чөйрөгө жана бүтүндөй өлкөгө, дүйнөгө пайдалуу иш экендигин баса белгилеп кетүү керек. Окуучулардын экологиялык жана патриоттук билим берүүнүн байланыштыруучу звеносу экология да мекен таануу болуп саналат. Мекен таануунун бул багыты өз ара байланышкан эки тарапты камтыйт: Мекен таануу жана кайра түзүү; окуучулардын экологиялык маданиятын, жигердүү жашоо позициясын, өз өлкөсүнүн тагдырына катышуусун, жаңы баалуулуктарды калыптандырууга өбөлгө түзөт жана бул окуучулардын жаратылышка болгон баалуу мамилесин калыптандыруу менен биз кээ бир маселелерди чечебиз дегенди билдирет патриоттук тарбия берүү.

Полный текст