Турганбаева А. Б.
ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ИНФОРМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН КӨНДҮМ ТАЖРЫЙБАСЫНАН АЛЫНГАН САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАЛДОО
Салттуу билим берүүдө «Информатика» окуу предмети, мугалимдин бул предметти окуп жаткан студенттер менен болгон байланыш ишине көп сааттар талап кылынат. Пандемия башталып кеткендигине байланыштуу, окутуучулар менен студенттердин арасындагы байланышты камсыздоо үчүн техникалык каражаттарды тандоо зарыл болгон. 2020-2021-окуу жыл ичинде жана 2021-2022-окуу жылынын кышкы семестринде бул дисциплина аралаш, салттуу жана дистанттык форматтарда окутулду. Программалоону окутуп-үйрөтүү үчүн билим берүүдө пандемия шартында иштеп кетүүгө педагогикалык тажрыйба жана жаңы маалымат технологиясын пайдалануу боюнча дагы тажрыйбалар жыйналды.
Бул макаладаүйрөнүчүлөр менен өз-ара онлайн байланышты уюштуруучу кызматтарга жана Маалымат технологиясына сарасеп салынып, биз тараптан коолдонулган технологиялар, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери жазылат, дисциплинаны окутуунун сапатына жана программалоого байланышкан аралаш жана дистанттык окутуу боюнча изилдөө суроолору коюлат жана аларды өркүндөтүү жолдору боюнча тыянакттар чыгарылат.
ТЕХНИКАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БАКАЛАВРЛАРДЫ ДАЯРДООДО «ИНФОРМАТИКА» КУРСУН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
Жалпы илимий методдор менен катар методологиялык негиз катары теориялык булактардын базасы: илимий адабияттар, техникалык адистиктердин студенттерине информатиканы окутуу проблемасы боюнча изилдөөлөрдүн басылмалары. Информатика боюнча билим берүү стандарттарын талдоо бакалавриаттарды, окуу пландарын, информатика курстарынын программаларын даярдоодо,техникалык ЖОЖдордун студенттери менен иштөөдө жүргүзүлгөн.
ОШ ШААРЫНДАГЫ СУЛАЙМАН ТООНУН ТАТААЛ ТОПОГРАФИЯСЫН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЭСЕПТӨӨЧҮ ТОРДУ ТУРГУЗУУНУН АЛГОРИТМИ ЖАНА ЫКМАСЫ
Бул макалада OpenFOAM программасынын жардамы менен татаал рельефте атмосфералык агымдарды моделдөө үчүн иштелип чыккан алдын ала жана андан кийинки иштетүү куралдары жана процедуралары берилген. OpenFOAM7 программасынында бардык тесттер жана моделдөө жүргүзүлгөн. Кыргызстандын Ош шаарындагы Сулайман тоосу аймактын татаал топографиясын эске алуу менен үч өлчөмдүү структураланбаган эсептөө торчосун түзүү мисал катары каралды.