Буранова Г. М.

    Абдыкалыкова А.А., Буранова Г.М.,
ТАТААЛДАШКАН СҮЙЛӨМДӨРДҮН ГРАММАТИКАЛЫК ТАБИЯТЫ
Страницы:215-225      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-215-225

Бул илимий макалада кыргыз тилинде, кыргыз тил илиминде сүйлөм, анын ичинде татаалдашкан сүйлөмдөрдүн изилдениши, алардын структура-семантикалык, грамматикалык жактан жасалышын териштирүүгө аракеттер жасалды. Татаалдашкан сүйлөм маселеси түрк тилдеринин айрымдарында атайын максат менен гана изилденбестен, анын тигил же бул проблемалары көрүнүктүү түркологдор тарабынан да талдоого алынып келгендиги баса белгиленди. Татаалдашкан сүйлөм менен кадимки жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара айкындооч мүчөлөрүнүн синтаксистик түзүлүшү, синтаксистик катыштарынын мүнөзү, башкача айтканда, предикативдүүлүктүн берилиши, синтаксистик байланыштын түрлөрү боюнча, сүйлөмдүн түзүлүшүнүн формалык каражаттары аркылуу жана интонациялык жактан айырмаланары аныкталды.

Жыйынтыктап айтканда, татаалдашкан сүйлөмдөрдү тиги же бул грамматикалык касиеттерине карата топторго бөлүштүрүү аркылуу анын компоненттеринин ортосундагы байланыштарды так аныктоого болот. 

Полный текст