Ишенбек уулу Т.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭТНИКАЛЫК КАЗАКТАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ЖАЙГАШЫШЫ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
Кыргыздар менен казактар түрк тилдүү элдердин ичинен жүргүзгөн чарбасы, тили, материалдык жана руханий маданияты, ээлеген жери жана дини боюнча бири-бирине эң жакын этностор болуп саналат. Ошондуктан алар миндеген жылдар бою бири-бири менен кошуна, өйүз-бүйүз жанаша жана аралаш жашап келишкен. Кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк болушуп жакындашкандары абдан көп болгон. Мындан сырткары кыргыздар менен казактар саясий жана чарбалык карым-катнаштарда болушкан. Жалпы элдин арасында бири-биринин малдарын чаап кеткен мезгилдер да кездешкен.