Дүйшөнбек кызы А.

    Дүйшөнбек к.А.,
РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВДУН КЫРГЫЗ ОБОНЧУЛУК ӨНӨРҮНДӨГҮ ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
Страницы:360-366      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/1-360-366

Бул макала кайталангыс таланттын ээси, элдик өнөр менен классикалык музыканы айкалыштырган улуу обончу, композитор, чыгаан ырчы, Рыспай Абдыкадыровдун кыргыз обончулук өнөрүн өнүктүрүүдөгү ролун ачып берүүгө арналат. Рыспай Абдыкадыров профессионал музыкалык маданиятыбызга классикалык музыка менен элдик өнөрдүн ортосундагы данакер, аккордеон коштогон кыргыз обондорунун негиздөөчүсү катары элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Кезегинде Рыспайга чейинки обончу, композитор жана аткаруучуларыбыздан Муса баетов орус гармонун ойноп, кыргыз музыкалык аспаптарынын катарына кошсо, кыргыз профессионал музыкасынын баштоочусу Абдылас Малдыбаев фортепиано үчүн элдик обондорду иштеп чыгуу менен, кыргыздын музыка дүйнөсүнө байыр алдырган..Көптөгөн мыкты чыгармаларга обон жараткан таланттуу композитор жана аткаруучу. Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн өзгөчө обондору, ырлары менен жаркын из салган талант. Композитор партиялык бийликти, колхоз-совхозду мактаган бир да чыгарма жазган эмес. Анын обондорунун басымдуу бөлүгү сүйүү, махабат, арзуу жөнүндө болгон.Обончунун жараткан обондорундагы кайрыктардын кайталангыстыгы, оригиналдуулугу ачып берилип, музыкант катары аккордеонго тил бүтүргөндөй ар тараптан жетик өздөштүргөндүгү жана өзүнүн феномендүү талантыменен кыргыз обончулук өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, кыргыз элине ак кызмат өтөгөндүгү жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Полный текст