Черикчиева Г. М.
КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНЫН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН АРТТЫРУУДА ОЮНДУН МААНИСИ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
Бул макалада кыргыз тили сабагынын натыйжалуулугун арттырууда балдар үчүн ар кандай оюндардын маанилүүгү жана ролу.Балдардын кичине кезинде эң негизги иш-аракети бул оюн болуп саналат. Балдар оюн аркылуу жашоонун ар кыл жактарын таанып, оюн аркылуу кесип таап, маанилүү эмоционалдык тажрыйбага ээ болушат. Анын негизги милдети – ойго келбеген нерселерди реалдуу жашоо катары кабыл алуу жана аны ишке ашыруу. Балдар буга көз карандысыз изилдөө жүргүзүү жана кыйынчылыктарды жеңүү аркылуу жетишишет. Оюн – бул өзгөчө иш жана өзүн түшүндүрө билүү.
Белгилүү психологдор белгилегендей, балдар оюнда утулуп калганда мүнөзүндөгү терс жактарын, ички тажрыйбасын, сезимдерин бошотуп, андан ары тазаланып, утулбоонун жолдорун издеген жагдайлар пайда болот. Балдар көбүнчө аларга эмне таасир эткенин, эмнени башынан өткөргөнүн, эмнени сезип жатканын айта алышпайт, ал жөнүндө ойлонушпайт, оюн аркылуу билдире алышпайт, өз оюн улууларга көрсөтүп, аларга жардам берүүгө жардам бере алышпайт.
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДА КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СӨЗДҮК КОРУН ОКУТУУДА САЛТТУУ ЖАНА ЖАҢЫ ЫКМАЛАРДЫ САБАКТА КОЛДОНУУНУН МААНИСИ
![lorem](admin-admin/yk/13.png)
Макала лексиканын материалдарын салттуу жана жаңы методдордун негизинде окутуу, окуучулардын сөздүк корун байытуу маселесине арналды. Башталгыч класстан тартып кыргыз тилиндеги конкреттүү жана абстрактуу мааниге ээ болгон сөздөрдүн лексикалык минимумун билүүгө жетишүү, лексикалык маанини табуу сыктуу маселелер да каралды. Нерсени, кубулушту, мүнөздү, сапатты образдуу,эмоционалдуу билдирүү үчүн сөздүн өтмө маанилерин билүү да негизги маселелерден экендиги айтылды. Учурда мугалимдер лексиканы окутууда салттуу жана инновациялык ыкмаларын колдонуу менен өткөрүлүп жатканы талдоого алынды. Лексиканы окутууда коммуникативдик ишмердүүлүк жана интерактивдүү окутуудагы окуучулардын баарлашуусун уюштуруу иштери талданды. Ошондой эле түшүндүрүү- көрсөтмөлүүлүк, проблемалуулук, кызматташуу, байкоо жана салыштыруу ыкмаларын лексикалык материалдарды окутуудагы орду да талдоого алынды.