Чинтемирова А. Р.

    Стамалиева К.А., Чинтемирова А.Р.,
МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА КЕНЖЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ТААНЫП БИЛҮҮЧҮЛҮК КЫЗЫГУУСУН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:148-158      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-148-158

Бул илимий макаладакенже окуучулардын таанып билүүчүлүк кызыгуусун өнүктүрүү ыкмалары каралган. Педагогикалык адабияттарды талдоо менен кызыгуу, таанып билүүчүлүк кызыгуу  түшүнүктөрүн берүү менен окуучулардын  окуу процессинде таанып билүүчүлүк  кызыгууларын өнүктүрүү шарттары көрсөтүлгөн. Мисалы: ийгилик жагдайларын түзүү, окуу процессинде жагымдуу баарлашуу, окуунун эмоционалдык атмосферасын түзүү, ой жүгүртүү иш-аракеттерине колдоо көрсөтүү, чечим табууну, талдоону, ойлонууга, өзү түшүнүүгө мүмкүндүк берген таанып билүүчүлүк маселелер түзүмү, сабакты окуучулардын өнүгүүсүнүн оптималдуу деңгээлинде өткөрүү ж.б.

         Таанып билүүгө болгон кызыгуунун төмөндөшүнүн ар кандай  мугалимден, окуучулардан   көз каранды болгон себептери да көрсөтүлгөн. Баланы окууга кызыктыруунун негизги жолу - мотивация түзүү экендигин белгилөө менен  тышкы жана ички, ошондой эле оң жана терс мотивациялардын түшүнүгү берилген. Башталгыч мектеп жашындагы балдардын өнүгүү процессинде таанып билүүчүлүк кызыгуунун ар кандай аткарган функциялары,таанып билүүчүлүк  кызыкчылыктын өзгөчөлүктөрү,кенже окуучулардын таанып-билүү кызыгуусун калыптандыруунун негизги үч  деңгээли көрсөтүлгөн. Кенже окуучулардын таанып билүүчүлүк  кызыгуусун өнүктүрүүнүн негизги  ыкмалары негизделген. Мисалы,проблемалык окутуу,математика сабагында оюн технологиясын колдонуу,  практикалык багыттуулугун  күчөтүү, маалыматтык технологияларды (МКТ) колдонуу, ийгилик, эмоционалдык жана адеп-ахлактык кырдаалды түзүү ыкмасы, долбоор ыкмасы ж.б. Жыйынтыгында, кенже окуучулардын таанып-билүүчүлүк кызыгуусунун калыптанышынын көрсөткүчтөрү каралган.

Полный текст