Камилжан кызы К.

    Камилжан к.К.,
СТУДЕНТТЕРДИ ЖҮНДӨН ПАННО ЖАСООДОГУ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ӨРКҮНДӨТҮҮ
Страницы:423-429      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-2/2-423-429

Изилдөөнүн предмети кыргыз чеберлеринин кийиз өнөрүн үйрөнүү жана эл арасына, жеңил өнөр жайына кеңири жайылтуу. Изилдөөнүн максаты – көчмөн калкыбыздын уз-чеберлери жүндү уютуп шырдак, ала-кийиз жасашкан бул өнөрдү келечек муундарга ыңгайлуу ыкма менен үйрөтүү. Жүндөн жасалган буюмдар интерьерди кооздо үчүн панно, картиналар студенттерге үйрөтүүнүн жөнөкөй ыкмаларын иштеп чыгуу. Уз-чеберлердин чыгармачылыгын өндүрүшкө жайылтуу аркылуу нукура салттуу буюмдарды жаратууга жана алардын эл арасында тарашына студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү. Кыргыздардын улуттук өнөрүн келечектеги муундарга калтыруу кийиз буюмдарын жасоону өндүрүшкө терең жайылтуу аркылуу салттуу кийиз буюмдарды өндүрүүгө жана алардын эл арасында тарашына шарттарды түзүү. Буюмдагы жана кастюмдагы кийиз өнөрүн мода багыттарына шайкеш келтирүү менен ар бир доордо кийиз өнөрүн сактоону жана келечектеги муундарга калтырууну камсыздоо. Илимдеги жаңылыгы- кийиз жасоо негизги 4 – этаптын жыйынтыгында технологиясы аныкталды. Алынган жыйынтыктар студенттердин көркөм кол өнөрчүлүк искусствосу таалиминен жүндөн жасалган буюмдарды өдүрүштө сапаттуу жасоого колдонуу үчүн материалдар жана жабдуулар тандалды. Интерьерде колдонулуучу паннонун жасоонун технологиялык ирээти иштелип чыкты.

Полный текст

    Камилжан к.К.,
ИЛМЕ ДОС САЙМАСЫН ИЙНЕ ЖАНА КРЮЧОК МЕНЕН АТКАРУУНУН МЕТОДИКАСЫ
Страницы:226-234      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-226-234

Изилдөөнүн предмети -  көркөм кол өнөрчүлүк искусствосунун бир бөлүгү болгон “илме дос” саймасын аткарууну жогорку окуу жайдын студенттерине үйрөтүү болуп  эсептелет. Изилдөөнүн  максаты – кыргыз улуттук колдонмо өнөрүнүн түпкүсү болгон көчмөн калкыбыздын үй-ичин жана колдонгон буюмдарын кийген кийимдерин  саймачылык менен кооздошкон, көркөмдөп кооздоодо кеңири колдонгон саймачылыкты кийинки муундарга үйрөтүүдө ыңгайлуу жана жаңы ыкманы  колдонуп  жеткиликтүү жолдор менен үйрөтүүнүн жөнөкөй методдун иштеп чыгуу болуп саналат. Изилдөөлөр  педагогикалык байкоо жүргүзүү жана окутуу меттоддорунун жардамында аткарылган. Сунушталып жаткан окутуу  ыкмасында илме дос саймасын кийимдерде, буюмдарда колдонулушу. Сайманы ынгайлуу аткарууда негизги колдонулган куралдар көрсөтүлдү. Кол ийне менен аткаруудагы оңгой ыкмасы этаптары  көрсөтүлдү. Крючок колдонуп сайманы  аткарууда этаптарга бөлүнүп, ар бир этаптын схмалары менне көрсөтүлүп берилди. Студенттердин сайманы оңой үйрөнүүнү жана декоративдүү  колдонмо искусствосу таалимине байланыштуу сабактардын теорияны жана практиканы  айкалыштыруу менен терең өздөштүрүүсүнө жардам берет.

Полный текст