Айдаров А Ж

    Айдаров А.Ж.,
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Страницы:87-89      Язык:  lorem    DOI:

Макалада негизинен мектептеги окуучуларга экологиялык билим берүүдөгү, жаратылышты сактоо, анын ичинен жоголуп кетүү коркунучунда турган биоартүрдүүлүктү сактап калуу жана өсүп келе жаткан муунга туура тарбия берүү көйгөйлөрү каралган.

Полный текст

    Айдаров А.Ж.,
АДАМ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШ МАСЕЛЕСИ Ч.АЙТМАТОВДУН "АК-КЕМЕ" ЧЫГАРМАСЫНДА
Страницы:112-113      Язык:  lorem    DOI:

Макалада элдик оозеки чыгармалар менен Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылышты коргоого болгон чакыруулар каралды. Этнопедагогика, баланы тарбиялоодо каада-салт, үрп-адаттарга таянса, "Ак-Кеме" чыгармасы түздөн-түз тарбия берүүчү илимий багытты көздөгөн чыгарма экени жазылды. Адам өзүнүн кылган ишине жооп бере албаса, табияттын кырсыгы жана кордугу күч ала берээринде шек жок. Ошондуктан экологиялык сабатсыздык азыркы дүйнөлүк прогресстин алсыздыгы болуп кала бермекчи.

Полный текст

    Айдаров А.Ж.,
КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨ ЖАНА ЖАРАНДАРДЫН ДЕН-СООЛУГУ
Страницы:311-314      Язык:  lorem    DOI:

Кыргызстанда акыркы жылдары экологиялык абал болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө дуушар болду. Техниканын, технологиянын өсүп-өнүгүүсү адамдардын жаратылышка кийлигишүүсү аны жок болуп кетүү коркунучуна алып бара жатат. Бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнүн булганганынын айынан оорулардын түрлөрү көбөйдү. Макалда ушул проблемалардын чыгышы жана анын алдын алуу маселелери каралат.

Полный текст