Бийева К Ж

    Абдыкапарова А.О., Бийева К.Ж., Кендирбаева С.К.,
ОКУУЧУЛАРДЫН ТААНЫП-БИЛҮҮЧҮЛҮК КӨНДҮМДӨРҮН БИОЛОГИЯЛЫК ЭКСПЕРИМЕНТТЕРДИН НЕГИЗИНДЕ ӨРКҮНДӨТҮҮ
Страницы:115-122      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-115-122

Макалада окуучулардын таанып-билүүчүлүк көндүмдөрүн биологиялык эксперименттердин негизинде өркүндөтүү маселелери каралган. Ар кандай чыгармачылык тапшырмаларды, изилдөөчүлүк иштердин жана эксперименттердин натыйжаларын колдонуу предметтик окутуунун мазмунун кеңейтет, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун стимулдаштырат, инсандык өнүгүүсүн шарттайт, мугалим менен окуучунун ортосунда гана эмес, ошондой эле окуучулардын бири-бири менен болгон чыгармачылык кызматташуу атмосферасын түзөт. Зоология сабактарында окуучулардын таанып-билүүчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүү билим берүү процессиндеги маанилүү милдеттердин бири экендиги белгиленген. Зоологиянын негиздерин туура өздөштүрүү менен окуучулар өзүнүн акылын өнүктүрөт, жаратылыштын сырларын үйрөнүшөт, байкоо, анализ жүргүзүү жана өз алдынча изилдөө көндүмдөрүнө ээ болушат. Зоология сабактарындагы биологиялык эксперименттер окуучулардын таанып-билүүчүлүк көндүмдөрүнүн өнүгүүсүндө күчтүү каражат болуп саналат. Алар окуучулардын сынчыл ой-жүгүртүүсүнүн өнүгүүсүн, маалыматты анализдөө, синтездөө жөндөмдүүлүктөрүнүн, топтордо жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүнүн өнүгүүсүн шарттайт.

Полный текст