Зулпукаров А А

    Аблабекова Ж.К., Окен у.Ш., Зулпукаров А.А.,
СПОРТСМЕНДИН ТУУРА ТАМАКТАНУУСУ – ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ
Страницы:131-138      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-131-138

Макалада спортчулар үчүн туура тамактануу жөнүндө сөз болот. Спортто жогорку натыйжаларга жетүү үчүн спортчуга тийиш болгон тамактануунун талаптарын сакташ керек. Ар бир диета денени сактоо үчүн нормалдуу деп эсептелинбейт. Иштин түрүнө, физикалык активдүүлүккө, жашоо образына жана организмдин өзгөчөлүктөрүнө жараша күнүмдүк калорияны сактоо маанилүү. Ошондой эле майлардын, углеводдордун, белоктордун, витаминдердин, суунун, макро жана микроэлементтердин балансын сактоо зарыл. Энергияны чыгымдоо дененин салмагынан көз каранды. Ар кандай адамдардын энергия керектөөсүн салыштыруу үчүн, энергия керектөөнүн жалпы абсолюттук маанилерин эмес, дене салмагынын килограммына эсептелген салыштырмалуу маанилерди колдонуу сунушталат. Рациондун калориялуулугунун спортчунун энергияны сарптоосуна дал келиши машыгуунун жана мелдеш процесстеринин натыйжалуулугунун эң маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

Полный текст