Сатывалдиев А С

    Бакенов Ж.Б., Сатывалдиев А.С., Бакытбек к.Б., Мамекова А.М., А.М.,
ОРТО МЕКТЕПТЕ ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА ИННОВАЦИЯЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Страницы:168-174      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-168-174

Билим берүүнүн негизги максаты - эркин, жоопкерчиликтүү, андан ары өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү адамгерчиликтүү инсанды калыптандыруу. Азыркы окуучулардын олуттуу бөлүгүндө окуп-билүү кызыгуусу төмөндөп, жогорку психикалык функциялар – эс тутум, логика, ой жүгүртүү, анализдөө жана өзүн өзү башкаруу начар өнүккөн. Ошондуктан, бүгүнкү күндө окутуунун салттуу ыкмаларын гана колдонуу жогорку натыйжаларга алып келе албайт.  Заманбап мектептик билим берүү системасынын мүнөздүү өзгөчөлүгү окуу процессинин жалпы натыйжалуулугуна жана мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн компетенцияларынын деңгээлин жогорулатууга оң таасирин тийгизген заманбап билим берүү технологияларын колдонуу зарылчылыгы болуп саналат.  Инновациялык педагогикалык технологиялар окуучунун инсандык мыкты сапаттарын жана өзүн-өзү өнүктүрүүсүн активдештирүү жана ишке ашыруу жана окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эң жагымдуу психологиялык-педагогикалык шарттарды түзөт.

Полный текст