Капарова Н А

    Бообекова А.А., Капарова Н.А., Сатыбалдыева А.Н.,
КЕНЖЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ
Страницы:175-185      Язык:  lorem    DOI:DOI 10.33514/1694-7851-2024-3/1-175-185

Акыркы жылдары келечек муундардын экологиялык маданияттуулугун жогорулатуу билим берүүдөгү актуалдуу маселелерден болуп келүүдө. Экологиялык проблемаларды чечүүнүн негизги жолу катары экологиялык билим берүүнү айтсак болот. Демек, экологиялык билимдерди мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдө калыптандыруу менен экологиялык маданияттуулукка тарбиялоонун эффективдүүлүгүнө жетишсек болот. Экологиялык билим берүүнүн максаты – айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого негизделген экологиялык маданиятты калыптандыруу. Экологиялык билим берүү - курчап турган социалдык жана табигый чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени камсыз кылуучу илимий жана практикалык билимдердин, баалуулуктардын багыттарынын, жүрүм-турумунун жана ишмердүүлүгүнүн системасын түзүүгө багытталган,окутуунун, тарбиялоонун жана инсанды өнүктүрүүнүн үзгүлтүксүз процесси катары түшүндүрүлөт. Башталгыч мектеп курагындагы балдардын абдан изденүүчү, тез кабыл алуучу, түйшүккө, кубанычка оңой жооп бере ала тургандыгы, чын жүрөктөн боор ооруугандыктары менен түшүндүрүлөт. Бул куракта билимди, сезимдерди, баалоолорду, эмоцияларды максаттуу калыптандыруу жөндөмдүүлүктөрүн жана кызыкчылыктарын жигердүү өнүктүрүү процесси жүрөт. Заманбап психологиялык-педагогикалык изилдөөлөр кенже мектеп окуучуларынын жаш өзгөчөлүктөрү экологиялык билим берүүнүн максаты болгон экологиялык маданияттыныннегиздерин калыптандырууга көмөктөшөөрүн ынандырарлык түрдө далилдеди. Изилдөөнүн максаты болочоктогу башталгыч класстын мугалимдерин экологиялык жактан даярдоонун моделин түзүү менен экологиялык маданияттуулукка тарбиялоону практикага киргизүү. Башталгыс класстын окучуулары илимий билимдерди өздөштүрүп, жаратылышка карата адеп-ахлактык баалуулуктарга ээ болуп, жаратылыш чөйрөсүнүн жагымдуу шарттарын сактоо боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу.

Башталгыч класстын окуучуларында жаратылышка, өзүнө жана айланасындагы адамдарга экологиялык жактан сабаттуу мамилени калыптандыруу процесси узак жана көп кырдуу болгондуктан ар түрдүүкритерийлер колдонулат.Бул окуучулардын жаратылыштагы аң-сезимдүү туура жүрүм-туруму, жаратылыш объектилерине, алардын ортосундагы мамилелерге байкоо жүргүзүү, жаратылыштын сулуулугун көрүп, баалай билүү, ага зыян келтирбөө, аны коргоого катышышат.Мындан тышкары, башталгыч класс окучууларынын таасирлери, башынан өткөргөн окуялары  талкууга алынып, жаратылыштагы жүрүм-турум эрежелери жөнүндө жүйөлүү тыянактарды чыгарууга, ар кандай иш-аракеттерде, оюндарда, сүрөттөрдө жана башка практикалык иш-аракеттерде өздөрүнүн  билим билгичтик көндүмдөрү, жөндөмдөрү жана сезимдери калыптанат.

Полный текст