Мустапакулова Д. Н.

    Мустапакулова Д.Н., Жалилова Г.Т.,
КӨК-ТАШ АЙЫЛЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА ЖҮРГҮЗҮҮ ПРАКТИКАСЫНЫН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО
Страницы:235-244      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-235-244

Тоолуу Көк-Таш айылында айыл чарбасы жергиликтүү тургундар үчүн эң негизги жашоо булагы болуп саналат.  Бирок, климаттын өзгөрүү процессине байланыштуу айыл чарбасын жүргүзүүдө көптөгөн көйгөйлөр жаралууда. Бул изилдөө ушул айылдагы  айыл чарба тармагынын натыйжалуулугун баалоо максатында жүргүзүлдү. Изилдөөнү ишке ашырууда экинчилик маалыматтарды топтоо, сурамжылоо, пикир алмашуу, анкета жүргүзүү жана фокустук топтордо баарлашуу методдору талаа шартында колдонулду.  Анкета жүргүзүүгө ар кайсы тармакта эмгектенген 20 айыл тургуну тартылды,  ал эми фокустук топто баарлашууга 7 дыйкан катышты.

Анализдин жыйынтыгында, буудай жана арпа өстүрүү 55% га  азайып, помидор жана капуста өстүрүү 20 жылдын ичинде 10%дан  55 % га чейин көбөйгөн.  Ал эми, кулпунай жана малина 2020-жылдары өндүрүлүп баштап, бул көрсөткүч 2023-жылы 35% га чейин жогорулаган.

 Фокустук группанын талкуусунун негизинде, малды багуудан дегеле пайда жок экендиги тастыкталып, ушул убакка чейин бир дагы дыйкан экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, киреше-чыгашасын эсептеп көрүшпөгөндүктөрүнө ынанышты.

Айылдын малы жайыттардын сыйымдуулугунан 4 эсе жогору. Жайыттардын азыркы  абалы боюнча сурамжылоодо айыл тургундарынын 100% жайлоонун түшүмдүүлүгүнүн азайгандыгын,  ал эми 75% жайлоолордун аянтынын кыскарып  кеткендигин көрсөтүшүп, мал жайлоодон толук кандуу азык-зат алып, эттенбей келип жаткандыгын баса белгилешкен. Демек, жергиликтүү калк жана башкаруу органдары бул көйгөйдү жакшы түшүнүшкөндүгү менен, иш-чара колдонуп, жайлоолорду калыбына келтирүүгө көңүл  бурулбагандыгы көрүнүп турат.

Климаттын өзгөрүү процессинде айыл тургундарынын 100% жаан-чачындын азайганын, 80%  температуранын жогорулап жаткандыгын, 80% вегетациялык сезондун өзгөрүшүн, 75% кургакчылык болуп жаткандыгын жана 55% зыянкечтердин көбөйгөнүн белгилешкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, азыркы климаттык шарттарга ылайык келген айыл чарба практикалык сунуштар берилип, айыл тургундарынын агротехникалык жана зоотехникалык  билимге басым жасап,  айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлерин азайтып, экономикалык эсептөө жүргүзүп, айылдын жаратылыш ресурстарын кийинки муунга өткөрүп берүүсү абдан маанилүү экендиги белгиленди.

Полный текст