Наркеева Н. Ж.
БИШКЕК ШААРЫН ЖАШЫЛДАНДЫРУУНУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН НЕГИЗДӨӨ
Шаарлардын экологиялык абалы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынын деңгээлин чагылдырган «күзгү» болуп саналат жана коомдун саясий жана социалдык турмушунда алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ал эми жашылдандырылганзоналар (шаардык парктар, токойлор, бакчалар, шалбаалар) көйгөйү шаардагы эң маанилүү экологиялык көйгөйлөрдүн бири. Өсүмдүктөр, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүчү система катары, шаардагы адамдардын жашоо-турмушунун ыңгайлуу шарттарын камсыздайт, абанын газдык курамын жана анын булгануу даражасын, шаарлардын климаттык өзгөчөлүктөрүн жөнгө салат, ызы-чуу факторунун таасирин азайтат жана адамдардын эстетикалык эс алуусуну булагы болуп саналат. Ошондой эле жашылдандыруу шаар бийлигинин ишинин эң маанилүү багыты болуп саналат, анткени дал ушул тармак жергиликтүү калк үчүн жогорку жашоо деңгээлин камсыздайт.
Бишкек шаарынын аймагын жашылдандыруу көйгөйү бүгүнкү күндө жашылдандырылган аймактардын аянтынын кыскарышы, учурдагы жашыл зоналардын канааттандырарлык эмес абалы, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануудан көрүнүп турат, бул көрктөндүрүү иштеринин жетишсиз натыйжалуулугуна алып келет. Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тутумун изилдеп, шаар айланасын жашылдандыруунун жергиликтүү стандарттарын иштеп чыгуу, Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз экологиялык каркасын түзүү, учурдагы ирригациялык жана дренаждык системаларды инвентаризациялоо, өсүмдүктөрдүн жергиликтүү сортторун пайдалануу сунушталат, бул Бишкек шаарында гана эмес, жалпы Чүй облусунда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылат.
БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫН САПАТЫНА БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ
Атмосфералык абага антропогендик таасирлердин натыйжасында он миңдеген булгоочу заттар бѳлүнүп чыгат. Өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүнүн тынымсыз өсүшүнө байланыштуу мурда кездешпеген, анын ичинде өтө уулуу химиялык кошулмалар пайда болууда. Атмосфералык абанын негизги антропогендик булгагычтары болуп ири өлчөмдөгү күкүрт, азот, көмүртек кычкылдарынан тышкары, чаң, көө жана татаал органикалык, хлорорганикалык жана нитробирикмелер, техногендик радионуклиддер, вирустар жана микробдор саналат. Эң коркунучтуусу – абада кеңири таралган диоксин, бензо(а)пирен, фенолдор, формальдегид, күкүрттүү көмүртек. Бишкек шаарынын физикалык, географиялык жана климаттык шарттары, Чүй өрөөнүнүн салыштырмалуу обочо жайгашышы жерге жакын атмосферанын үстүңкү катмарында интенсивдүү жана кѳтѳрүлгѳн аба агымдарынын пайда болушуна өбөлгө түзөт, жыйынтыгында атмосфералык абанын, ѳзгѳчѳ кыш мезгилинде, кескин булганышына алып келет, жана өзүн-өзү тазалоо жөндөмдүүлүгү төмөн экендигин белгилеп кетүү керек. Атмосфераны булгоочу заттардын таасирине чалдыккан шаар калкынын үлүшү 58,7% түзөт. Андыктан Бишкек шаарындагы атмосфералык абасынын сапатын көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү приоритеттүү багыттардын бири.
Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын сапатына мониторинг Кыргызгидрометтин 7 стационардык постунда жүргүзүлөт. Шаардын атмосфералык абасында 5 булгоочу зат: күкүрттүн кош кычкылы, азоттун кычкылы жана кош кычкылы, формальдегид жана аммиак аныкталат. Тилекке каршы, толук лабораториялар менен жабдылган стационардык байкоо пункттары эскирип, дагы эле кол режиминде иштеп жатат. Атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн бюджеттик каржылоонун жетишсиздиги стационардык посттордун жабылышына, маршруттук байкоочу посттордун жоюлушуна, байкоо жүргүзүү программаларынын кыскарышына, байкоолордун жыштыгынын кыскарышына, мониторингге алынган параметрлердин санынын кыскарышына алып келди. 1990-жылдан бери чаң, көмүртек кычкылы, бензопирен, эрүүчү сульфаттар, фенолдор, цианиддер жана оор металлдар боюнча өлчөөлөр жүргүзүлбѳй келет.