Садыралы кызы Р .
МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТӨӨНҮН ФОРМАЛАРЫ ЖАНА МЕТОДДОРУ
Макала жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары үчүн өз алдынча иштерди уюштуруу маселесине арналган. Педагогикалык жана методикалык адабияттарды талдоонун негизинде окуучулардын өз алдынча иштөөнүн ролу жана өз алдынча иштерди уюштуруу процессинин негизги багыттары аныкталган.
Макалада окуунун ар кандай этаптарында өз алдынча иштерди уюштуруунун ар кандай формалары жана ыкмалары белгиленген. Окуучулардын активдүүлүгүн жана өз алдынчалыгын камсыз кылган математикалык тапшырмалардын мисалдары келтирилген.
Орто мектептин математика сабагында окуучулардын өз алдынча иштерин уюштурууда жана өткөрүүдө эске алынууга тийиш болгон негизги аспектилер талкууланат.
Макалада математика сабагындагы өз алдынча иштин негизги белгилери жана алардын түрлөрү жөнүндө ачып көрсөтүлгөн.
Ошондой эле математика сабагында окуучунун өз алдынча иштөөсү анын жекече ойлоосун жана тапшырмаларды өз алдынча иштөө ыкмаларын калыптандырары көрсөтүлгөн.