Бабаев Д. Б.

    Бабаев Д.Б., Матисаков Ж.К.,
ТЕРМОДИНАМИКАЛЫК ПРОЦЕССТЕРДИ ГРАФИКАЛЫК СҮРӨТТӨЛҮШҮ АРКЫЛУУ ЧЕЧҮҮ
Страницы:209-297      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-290-297

Макалада компьютердик технологияларды колдонуу менен термодинамикалык процессти графикалык сүрөттөлүшү аркылуу чечүү талданат, бул сабактардын эффективдүүлүгүн, студенттердин активдүүлүгүн жана мугалимдин педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Маселелерди термодинамикалык процесстин графикалык сүрөттөлүшү аркылуу чечүү үчүн Python тили колдонулган. Matplotlib пакетинин процедураларын колдонуу менен сунушталган алгоритм боюнча түзүлгөн программанын жардамында маселелердин чечимдери алынган жана графиктери түзүлгөн.

Алынган жыйынтыктар физикалык маселелерди программалоонун жардамында эсептөө алда канча эффективдүү экендигин көрсөтөт.

Программанын тексти сактала турган протокол болуп саналат, убакыттын өтүшү менен мындай программалардын тексттеринин жыйындысы топтолуп, татаал маселелерди чечүүнүн идеясын камтыган “билимдердин базасын” түзөт.

Эсептөөлөрдү баштапкы параметрлерди өзгөртүү жолу менен кайталап жүргүзүүгө болот, натыйжада изилденип жаткан физикалык кубулушту же процессти кеңири изилдөөгө болот.

Компьютерди колдонуу менен физикалык маселелерди чечүү көндүмдөрү жана ыктары кийинчерээк болочок мугалимдердин  күнүмдүк практикасында, анын ичинде турмуштук маселелерди чечүүдө  пайдаланышы мүмкүн.

Полный текст