Масалиева Н. У.

    Сыдыкова Т.К., Масалиева Н.У.,
КЫРГЫЗ ТИЛИН ДЕҢГЭЭЛДЕР БОЮНЧА ОКУТУУДА ЖАЗУУ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ЖОЛДОРУ
Страницы:336-343      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-3/2-336-343
Макалада кыргыз тилин В1 деңгээлинде окутууда жазуу көндүмдөрү, аларды өнүктүрүүнүн жолдору жана өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылабыз. Кыргыз тилин үйрөтүү 4 деңгээл  менен ишке ашырылат. Алар; А1, А2, В1,В2, С деңгээлдери. Деңгээлдер боюнча окутууда кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу боюнча окумуштуулардын изилдөөлөрүнө токтолобуз. Окумуштуулардын деңгээлдер боюнча окутууда кеп ишмердүүлүгун түрлөрүн, окутуу ыкмаларын карап чыктык. Тил үйрөтүүдө кеп ишмердүүлүгүнө үйрөтүүнүн ээлеген орду жана аткарган кызматы өзгөчө. Анткени  бөтөн тилди билүү практика жүзүндө тилди үйрөнүүчүнүн кебинде, оозеки же жазуу түрүндө бекемделет жана ал кеп маданиятынын талаптары менен бааланат. Кеп ишмердүүлүгү төрткө бөлүнөт: угуу, окуу, сүйлөө, жазуу. Жазуу көндүмдөрүн угуу, сүйлөө окуу ишмердүүлүктөрү менен бирге гана калыптандыра алабыз. Анткени кеп ишмердүүлүктөрүн бөлүп окутуу мүмкүн эмес. Жазууга көбүрөөк басым жасаганыбыз менен угуу жана окуу  көндүмдү калыптанбаса жазуу көндүмү калыптанбайт. Жазуу көндүмүн калыптандыруу жолдорун өз тажрыйбабыздын негизинде сунушталат. 

Полный текст