Артыков К. Дж.

    Ирсалиева Н.А., Артыков К.Д.,
Б.К. СЫДЫКОВДУН КЫРГЫЗ СКУЛЬПТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КОШКОН САЛЫМЫ ЖАНА АНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
Страницы:10-17      Язык:  lorem    DOI:10.33514/1694-7851-2024-4-10-17

Макалада скульптура жаныры жөнүндө жалпы түшүнүк жана Кыргыз монументалдык скульптуралар жөнүндө маалымат каралып, аларга колдонулуучу материалдар менен жасалуучу техникалык каражаттары менен тааныштык. Искуксствонун бул түрүнүн жогорку денгээлде өсүшүнө салым кошкон, улуттук көркөм маданияттын көрүнүктүү ишмери, Кыргыз республикасынын Эл сүрөтчүсү Б.К. Сыдыковдун чыгармачылык ишмердиги менен тааныштык. Белгилүү скульптордун колунан көптөгөн көрүнүктүү эмгектери жаралган. Кыргыз скульптурасын өнүктүрүүдөгү монументалдык чыгармачылык изденүүлөрү менен жараткан кээ бир чыгармалары кыргыз элинин атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун эстелиги, Улуу агартуучу И. Арабаевдин айкели, Айкөл Манастын эстелигине токтолдук. Кыргыз элинин белгилүү инсандардынын скульптуралык чыгармаларда ар кандай материалдар менен чагылдырып, алардын ар бирине ошол кылымдагы  өзүнө тийешелүү болгон баатырдык, айкөлдүк, даанышмандык образдарды жаратып, элге тартуулаган.

 Сүрөтчү өзүнүн скульптуралык чыгармаларында  руханий дүйнөнү, айлана-чөйрө жөнүндөгү ойлорду, анын эстетикалык идеяларын, фантазияларын чагылдырган.  Бул скульпуралык чыгармалары ачык асман алдында койулуп, Кыргызстанга арналган. Талантуу сүрөтчү, Б.К. Сыдыков скульптуранын Кыргызстанда калыптануусуна жана өсүүсүнө эбегейсиз зор салым кошкон. Кыргыз скульптурасы бүгүнкү күндө сапаттык жактан өнүгүшү, жаратмандардын чыгармачылыгындагы көп кырдуу концепциялары алардын өзгөчөлүктөрү боюнча боордош элдердин искусстволору менен ат салышып, эл аралык аренага чыккан. Бул жаштарды эстетикалык жактан тарбиялоого, элдин улуттук руханий маданиятын, өнөр – казынасы менен тааныштырууга аларды ар тараптан өнүккөн, инсанды тарбиялоого,  адистик багытка даярдоого чакырат. Ошондой эле анын талыкпаган уюштуручулук жана коомдук ишмердигинин, кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун тагдырына жана келечегине болгон камкордугугун аркасында чон-чон чыгармачылык ийгиликтерди багындырганына күбө болдук. 

Полный текст